Среда, 1 мая, 2024
12.1 C
Бишкек

Элмирбек Иманалиевге «Эмгек Баатыры» артыкчылык даражасы ыйгарылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн Кыргыз улуттук «Манас» театрынын жаңы имаратынын ачылышына катышып, “Манас” эпосун сактоого, ошондой эле айтуучулук жана төкмөлүктү илгерилетүүгө жана жайылтууга кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын тапшырды.

— «Эмгек Баатыры» Кыргыз Республикасынын артыкчылык даражасы төкмө акын Иманалиев Элмирбек Калиловичке (каза болгондон кийин);

«Кыргыз Республикасынын эл артисти» деген ардак наамы Кыргыз улуттук «Манас» театрынын манасчысы Исаков Рысбай Рахмановичке ыйгарылды.

«Даңк» медалы менен манасчы, Кыргыз улуттук «Манас» театрынын директору Биймырза уулу Азиз сыйланды.

«Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» деген ардак наамы Кыргыз улуттук «Манас» театрынын төкмө акыны Акматов Баян Өмүрбековичке тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен Кыргыз улуттук «Манас» театрынын төкмө акыны Айдаркулова Изат Абдыжапаровна, Кыргыз улуттук «Манас» театрынын дастанчысы Токтоболот уулу Улукбек сыйланышты.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар