Четверг, 2 мая, 2024
10.1 C
Бишкек

Казакстандын маданият ишмерлерине КРнын мамлекеттик сыйлыктары тапшырылды

Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн Казакстандын маданият ишмерлерине мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынан билдиришти.

Иш-чара Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Астана шаарына расмий сапарынын алкагында өттү.

Сыйлык тапшыруу аземинде мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов маданият жана искусство өкүлдөрүн мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоону кылымдардан берки достуктун, жалпы маданияттын, кызматташтыктын өнүгүп келе жатканынын белгиси катары, ошондой эле маданий-гуманитардык байланыштарды мындан ары жигердүү өнүктүрүүгө багытталган кадам катары баалоо керектигин белгиледи.

Кыргызстандын президентинин Жарлыгы менен Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоого кошкон олуттуу салымы үчүн:

«Данакер» ордени менен Ауэзов Мурат Мухтарович – Казакстан Республикасынын коомдук ишмери, маданият таануучу;

Шаханов Мухтар – акын, дипломат, Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу экс-Элчиси;

«Достук» ордени менен Абдрахманов Сауытбек Абдрахманович – публицист, адабият таануучу, журналист, киносынчы, Казакстан Республикасынын Парламенти Мажилисинин экс-депутаты;

Жолдасбеков Мырзатай – Казакстан Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмери, түрколог- окумуштуу;

Идрисов Ерлан Абильфаизович – мамлекеттик ишмер, Казакстан Республикасынын экс-тышкы иштер министри;

Касымбек Женис Махмудула – Казакстан Республикасынын Астана шаарынын акими;

Кыдырали Дархан Куандыкулы – Казакстан Республикасынын Парламенти Сенатынын депутаты, Л.Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин профессору, Казакстан Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги;

Омаров Бауыржан Жумаханулы – Казакстан Республикасынын Президентинин кеңешчиси, филология илимдеринин доктору, профессор;

Туймебаев Жансейт Кансеитулы – председателя правления – Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин башкармасынын төрагасы – ректору;

«Данк» ордени менен Раимкулова Актоты Рахметуллаевна – Эл аралык түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти сыйланат;

“Кыргыз Республикасынын эл артисти” деген ардак наамы ыйгарылды:

Коразбаев Алтынбекке – советтик жана казакстандык композитор, ырчы;

Рымбаева Роза Куанышевнага – советтик жана казакстандык эстрада ырчысы, киноактриса;

«Данк» медалы менен Кулькенов Дидар – Казакстан Республикасынын “Таң-Шолпан” адабий-көркөм, массалык журналынын башкы директору – редакторлор кеңешинин төрагасы;

Нуркенов Нурлан Жанбыршыулы – Казакстан Республикасынын Астана шаарынын акиминин биринчи орун басары;

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен:

Сафин Нурлыбек Саматулы – Казакстан Республикасынын “Таң-Шолпан” адабий-көркөм, массалык журналынын башкы редактору;

Сыдыков Ерлан Батташевич – Л.Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин башкармасынын төрагасы – ректору;

Хабылбеков Ербол Жаксыгелдиевич – К. Куанышбаев атындагы Казак мамлекеттик академиялык музыкалык драма театрынын директору сыйланды.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар