Четверг, 2 мая, 2024
23.1 C
Бишкек

Ысык-Көлдөн 2,5 тонна таштанды, 19 миң метрдей тор чыгарылды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдары тарабынан Ысык-Көлдү таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазалоо иштери уланууда. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Суучулдар учурда Ысык-Көлдүн Каракол булуңундагы көлдүн аянтын тазалап, 26-марттан 17-апрелге чейин 2,5 тонна таштанды, 18 миң 900 метр балык уулоочу тор чыгарышты.

Белгилей кетсек, Ысык-Көлдү масштабдуу түрдө тазалоо иши президент Садыр Жапаровдун демилгеси жана жарлыгынын негизинде ишке ашууда.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар