Четверг, 2 мая, 2024
15.1 C
Бишкек

Э.Байсалов Монголия президентинин администрациясынын жетекчиси менен жолукту

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Монголия президентинин администрациясынын жетекчиси Янгуг Содбаатар менен жолукту. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда Эдил Байсалов эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын тапшырмаларын ишке ашыруу, соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнү, тоо-кен өнөр жайы, текстиль өнөр жайы жана айыл чарба тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча аракеттерди активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

“Өткөн жыл саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташуунун активдеши менен коштолду”, — деди Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары.

Президенттик администрациясынын жетекчиси Янгуг Содбаатар өз кезегинде меймандостукта жана жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал өткөн жылы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Монголияга жасаган мамлекеттик сапары маанилүү роль ойноп, эки тараптуу мамилелерди чыңдоого түрткү болгонун белгилөө менен Монголия тараптын Кыргыз Республикасы менен экономикалык жактан пайдалуу демилгелердин кызматташууну өнүктүрүүдө өз күчтөрүн бириктирүүгө даярдыгын билдирди.

Тараптар эки тарапты кызыктырган көптөгөн чөйрөлөрдө кызматташтыкты жана өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө умтула тургандыктарын ырасташты.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар