Четверг, 2 мая, 2024
10.1 C
Бишкек

ЕИБ Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорун изилдөө үчүн негизги өкүлдөрүн аныктады

Вашингтондо (АКШ) өткөрүлгөн Дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта фондунун Жазгы жолугушууларынын алкагында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Европа инвестициялык банкынын (ЕИБ) башкаруучу директорунун милдетин аткаруучу Маркус Берндт менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Акылбек Жапаров Европа инвестициялык банкы Кыргызстандын алдыңкы эл аралык каржы өнөктөштөрүнүн бири экенин белгиледи.

Өз кезегинде Маркус Берндт Дүйнөлүк банкы, Азия өнүктүрүү банкы жана Азия инфраструктуралык инвестиция банкы сыяктуу абройлуу каржы институттары Камбар-Ата-1 ГЭСинин куруу долбоорун каржылоого даяр экендиктерин жогору баалаарын белгиледи.

Банктын жашыл энергетиканы ар тараптуу өнүктүрүүгө багытталган саясатын эске алуу менен Маркус Берндт бул долбоорду каржылоого жогорку кызыгуусун билдирди.

Мындан тышкары, бул долбоорду иштеп чыгууну тездетүү максатында, Маркус Берндт долбоорду жана аны каржылоо маселелерин изилдөөгө кирише турган банктын негизги өкүлдөрүн аныктады.

А.Жапаров Европа инвестициялык банкынын өкүлдөрүнө бул масштабдуу долбоорду ишке ашырууга жогорку кызыгуусуна жана кызматташууга даярдыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар