Пятница, 3 мая, 2024
18.1 C
Бишкек

Президент Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгү жөнүндө мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров “2024-жылдын 8-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ортосундагы Кыргыз Республикасынын аймагында Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун болуусунун шарттары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” КР Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2024-жылдын 17-апрелинде кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты Кыргыз Республикасынын аймагында Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун (мындан ары – Фонд) иши үчүн жагымдуу шарттарды түзүү болуп саналат.

Белгилей кетсек, Макулдашууга ылайык Фонддун имараттары кол тийгис, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү Фонддун имараттарына өздөрүнө жүктөлгөн функцияларды аткаруу үчүн Фонддун Башкармасынын кыргыз тараптан тең төрагасынын жана Фонддун Башкармасынын Азербайжан тараптан тең төрагасынын макулдугу менен гана кире алышары каралган.

Мындан тышкары Макулдашууда Кыргыз Республикасынын жараны болуп эсептелбеген Фонддун кызмат адамдары жана кызматкерлери эл аралык укукка ылайык Кыргыз Республикасында тийиштүү рангдагы дипломатиялык өкүлдөргө берилүүчү жана Кыргыз Республикасынын практикасында колдонулган артыкчылыктарды, иммунитеттерди жана жеңилдиктерди пайдаланары белгиленген.

Ошондой эле Макулдашуу менен Фонд эл аралык уюмдар жана алардын өкүлчүлүктөрү үчүн каралган тартипте Кыргыз Республикасында бажы алымдарынан, салыктардан жана ушуга байланыштуу жыйымдардан бошотулары аныкталган.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар