Суббота, 4 мая, 2024
13.1 C
Бишкек

«Улуу-Тоо» ресторанында уулангандардын саны 55 кишиге жетти

Бишкектеги «Улуу-Тоо» ресторанында уулангандардын саны 55 кишиге жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган ресторанда 15 жана 18-апрель күндөрү кыз узатуудан кийин массалык уулануу катталып, 39 адам медициналык мекемелерге кайрылгандыгын кабарланган.

23-апрелге карата ооруканага кайрылгандардын жалпы саны 55ти түздү. Алардын ичинен ооруканага 10 адам жаткырылды, калгандары үйлөрүнө амбулатордук дарылоого чыгарылган.  «Улуу-Тоо» ресторанына 13 миң сом айып пул салынып, иши токтотулду.

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар