Суббота, 4 мая, 2024
22.1 C
Бишкек

Баку шаарында Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин ачылыш аземи болду

Президент Садыр Жапаров жана Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев Баку шаарында улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин ачылыш аземине катышты.
Ильхам Алиев Чыңгыз Айтматовдун эстелиги эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы достуктун, бир туугандыктын жана биримдиктин символу экенин айтты. Ал Айтматовдун адабиятка жана улуттук өзгөчөлүккө кошкон салымын, анын чыгармачылыгы Кыргызстанда жана Азербайжанда урматталышына шарт түзгөнүн баса белгиледи.
Садыр Жапаров өз сөзүндө Чыңгыз Айтматовдун мурасына болгон өзгөчө жылуу мамилеси жана залкар жазуучуга арналган юбилейлик иш-чараларды уюштурууга кошкон жеке салымы үчүн Ильхам Алиевге ыраазычылык билдирди.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар