Пятница, 3 мая, 2024
18.1 C
Бишкек

Сейфтен 418 миң сом уурдаган шектүү кармалды

Бишкекте уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук милициянын маалымат кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, 14-мартта Чыгыш-5 кичи районундагы үйлөрдүн биринде уурулук жасалган. Кылмышкер шаар тургунунун батирине кирип, сейфте сакталып турган 418 миң сом акчасын уурдап кеткен. Үй ээси ошол эле күнү милицияга кайрылган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-бересине (уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.

Милиция бул ишке шектүү катары 23 жаштагы С.М. аттуу жаранды кармады. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар