Четверг, 9 мая, 2024
32.1 C
Бишкек

Телефон алдамчылыгы менен алектенген 3 жаран кармалды

Бишкекте эл аралык алдамчылык кылмыш тобунун дагы үч мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен маалымдашты.

15-мартта Бишкек шаарынын райондук сотторунун биринин тергөө судьясынын чечими менен 2002-жылы туулган А.Э., 2004-жылы туулган Е.Г. жана 2004-жылы туулган А.М. аттуу телефондук алдамчылыкка шектелип кармалган жарандарды камакка алуу чарасы тандалган. Бул үч жаран февраль айынын ортосунда болгон телефон алдамчылык фактылары боюнча кармалган.

Маалым болгондой, 2024-жылдын 16-17-февралында шылуундар тобу улгайган тургундарды алдоого жетишкен, анда телефон аркылуу туугандары жол кырсыгына кабылганын маалымдап, чабармандар аркылуу акча каражатын берүүнү суранышкан. Ошентип алар алданган тургундардын жарым миллион сомдон ашык акча каражатын алууга үлгүрүшкөн.

Кылмыштуу топту кармоону ИИМдин КИБнын, Бишкек ШИИББдин жана Октябрь райондук ИИББнын ыкчам кызматкерлери Бишкек шаары боюнча атайын операциялар бөлүмүнүн жоокерлеринин күч колдоосунда жүргүзүшкөн.

Учурда кылмыштуу топтун бардык жагдайларын жана башка катышуучуларын аныктоо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар