whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
24.03.2025
9.1 C
Бишкек
Башкы беткеСпорт жана туризмСпортБыйыл 20га жакын футболдук объект курулат жана реконструкцияланат

Быйыл 20га жакын футболдук объект курулат жана реконструкцияланат

Кыргыз футбол биримдигинин кеңсесинде стадиондорду куруу жана реконструкциялоо долбоорлорун ишке ашыруу боюнча жумушчу жыйын өттү.

Спорттук мекемеден билдиришкендей, жыйынга Кыргыз футбол биримдигинин башкы катчысы Медербек Сыдыков, биримдиктин президентинин кеңешчиси Аманбек Каскеримов, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле курулуш долбоорлору боюнча иш алып барган уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Жыйында Токмок, Нарын, Талас, Таш-Көмүр, Шамалды-Сай, Токтогул жана Сокулук районундагы стадиондордун курулушунун жана реконструкциясынын учурдагы абалы каралды. Катышуучулар курулуш иштери, графиктер, долбоорлордун аткарылышы жана келип чыккан көйгөйлөрдү чечүү боюнча чараларды талкуулады.

Ошондой эле каржылоо, логистиканы жакшыртуу жана долбоорлорду ишке ашыруунун бардык этаптарында көзөмөлдү камсыз кылуу маселелери көтөрүлдү. Бул жылы 20га жакын объекттин курулушу жана реконструкциясы пландалууда.

Долбоорлор спорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталып, региондордо спорт менен машыгуу үчүн заманбап шарттарды түзүүдө, анын ичинде улуттук жана эл аралык турнилерди уюштурууга мүмкүндүк берет.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар