2024-жылдын 18-декабрында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө” жарлыкка кол койду. Жарлыкта “Кыргыз Республикасынын жарандарынын эң башкы байлыгы жана сыймыгы – эгемен мамлекети”,- деп баса көрсөтүлөт.
Маалыматтар боюнча азыркы мезгилде дүйнө жүзүндө кыргыздар сыяктуу 5 миңден ашуун этностор жашайт. Бирок, алардын баарына эле мамлекетке ээ болуу бактысын буюрган эмес. Тарыхта эң алгачкы мамлекеттер мындан 5 миң жыл мурда пайда болгон. Кыргыздардын мындан 2200 жыл мурда мамлекети болгондугун дүйнө тарыхы тааныды. Азыркы мезгилде Кыргыз мамлекеттүүлүгү 3 миң жыл мурда эле, тактап айтканда, Байыркы Египет, Байыркы Рим, Байыркы Кытай же Индия мамлекеттери менен эле катарлаш жашагандыгын баяндаган тарыхый булактар табылып жатат. Жаңы тарыхый булактарды изилдеп, чындыкты тактоо тарыхчылардын башкы милдеттеринен болуп калды.
Кыргыз аты эскерилгенден бери эле элибиздин саны анчалык көп болбогондугун, бирок, мамлекет, ал тургай IX к. ортосунан X к. биринчи чейрегине чейин т.а. 85 жыл Борбордук Азияны толук бийлеген улуу империя түзгөндүгү дүйнө тарыхында такталды. Улуу империя түзөөр алдында деле кыргыздар сан жагынан аз болгон. VIII к. ортосунан IX к. ортосуна чейин бир кылым бою Борбордук Азияда үстөмдүк кылып, коңшу элдерди катуу эзген Уйгур кагандыгынан кутулуу үчүн Борбордук Азия-да жашаган көптөгөн эл Уйгур кагандыгынын эзүүсүнөн куткарса бир гана кыргыздар куткарат деген ишеничте болуп, кыргыз каганынын айланасына баш кошкон. Ошол заманда бир үй-бүлөдөн бир жоокер чыгаруу эрежеси болгон. Бул эреже боюнча кыргыздардын 30 миң жоокери болгон.
Демек, кыргыздардын жалпы саны бир миллионго жеткен эмес. Аз сандуу болсо дагы кыргыздарды эзүүдөн куткаруучу катары эсептелген башка уруулар 70 миң жоокер топтоп, кыргыз каганынын армиясына кошуп берген. Мындан ошол доордогу кыргыздын аброюнун бийиктигинен, коңшу элдердин кыргыздарга ишениминин өтө чоң болгонун билебиз.
Аз сандуу кыргыз үч миңден ашуун жылдар бою кандайча ысымын жоготпой, мамлекет түптөп, VIII к. башында Барсбек кагандын жетекчилиги менен Борбордук Азиядагы үстөмдүк үчүн күрөшүп, адегенде жеңилип калса да токтоп калбай бир жарым кылым бою аракет жасап, коңшу уруулардын колдоосуна ээ болуп, күчтүү душманды талкалап улуу дөөлөт түзгөнүнүн сырын окумуштуулар таң калуу менен изилдеп келет.
Кыргыз Республикасынын Президенти С. Жапаров кол койгон Жарлыкта: “Карт тарыхтын татаал жолуна кыргыз эли менен үзөңгүлөш чыккан эчендеген элдер бүгүн дүйнөнүн этносаясий айдыңында жок. Алардын аталыштары тарых барактарында гана калды. Кыргыз элинин миңдеген жылдар бою сакталып келишине, кайрадан эгемендүү мамлекет болушуна нукура, өзүнө гана таандык баалуулуктары жана нарк таянымдары, уңгулуу тарыхый тажрыйбасы негизги омок болуп берди”, – деп баса белгиленген.
Экономикасы, аскердик куралы күчтүү, ошого шайкеш келген күчтүү маданияты бар элдер, мамлекеттер гана башка элдерге, мамлекеттерге үстөмдүк кылары тарыхта тастыкталган.
Окумуштуу тарыхчылардын бир тобу жыйырма жылдан ашык убакыттан бери Кыргызстан тарыхынын урунттуу учурларын изилдеп, анын негизинде мектеп окуучулары, студенттер үчүн окуу китептерин жазып келебиз.
Эгемендиктин алгач жылдарында эле окуу жайларында советтик доордо идеологиянын негизи катары окутулган “СССРдин тарыхы”, “КПССтин тарыхы” деп аталган предметтер “Кыргызстан тарыхы” деген предметтерге которулуп, аны окутуу үчүн окуу китептерин жазуу иши башталган. Ата мекенибиздин тарыхы боюнча мурда окуу китептерин жазуу тажрыйбасы болбогондуктан, мектептер, жогорку окуу жайлары үчүн жазылган окуу китептери совет доорунда бекем орногон марксисттик, таптык, формациялык көз карашта жазылганын моюнга алабыз.
Ата мекен тарыхын терең изилдеген сайын окуу китебин жазган окумуштуу педагогдор кыргыз элинин тарыхы таптык, формациялык методологияга туура келбей тургандыгын, байыртадан эле кыргыз коомунда таптарга бөлүнүү болбогондугун, кыргыз элинин өзүнө гана тиешелүү уңгужолу бар экендигине көзүбүз жетип турат.
Азыркы мезгилде дүйнөлүк тарых илиминде тарыхты цивилизациялык методология менен изилдөө жана окутуу кеңири кулач жайган. Бул багыттагы концепциясы менен англиялык тарыхчы жана социолог А. Тойнби (1889-1975-ж.ж.) Нобэль сыйлыгына татыктуу болгон. Максисттик формациялык окуудан айырмаланып А.Тойнбинин цивилизациялык теориясын колдогон окумуштуулар адамзат коому аймактык цивилизациялар аркылуу өнүгөт деген теорияны негиздешкен. Бул боюнча ар бир аймакта цивилизация жаратуу ошол аймактагы географиялык шарттарга байланыштуу пайда болуп өнүгөт.
Байыртадан эле өзгөчө регион болгон Борбордук Азияда да аймактык өзгөчө цивилизация пайда болуп өнүгүп келгендигин акыркы жылдардагы изилдөөлөр далилдеп келүүдө. Ушуга байланыштуу тарых предмети боюнча окуу китептерин жазып жүргөн окумуштуулар Кыргызстандын окуу жайларында тарых предметин цивилизациялык теориянын негизинде окутуунун концепциясын, ал боюнча тарыхты окутуунун мамлекеттик стандартын жана программаларын иштеп чыккан элек. Бул документтер КРнын Билим берүү жана илим министрлиги, КРнын Єкмөтү тарабынан бекитилген. Аталган документтер боюнча окуу китептери даярдалып, азыркы учурда Кыргызстандын окуу жайларында тарых цивилизациялык теориянын негизинде окутулуп жатат.
Президентибиз С.Н. Жапаров кол койгон “Уңгужол” жөнүндөгү жарлыкта Борбордук Азиядагы эң байыркы эл болгон кыргыздардын дүйнөнүн башка элдерден айырмаланган өзгөчө жолу – кыргыз цивилизациясы болгондугун, ошол өзгөчө уңгу жол кыргызды сактап, өнүктүрүп келгендиги баса белгиленип, аны кайра жаратуу, өнүктүрүү маселеси таамай коюлган.
Бул милдетти ишке ашырууда гуманитардык илимдер менен катар тарых илими, тарых сабактары чоң роль ойноору белгилүү.
Чындыгында кыргыз эли дүйнө элинин, ал эми Кыргызстандын тарыхы дүйнө тарыхынын бир бөлүгү экендигин, тарыхый процесстер, аймактык цивилизациялар бири-бири менен байланышта болоорун, өнүгүүнүн жалпы адамзатка тиешелүү мыйзам ченемдүүлүктөрү бар экендигин танууга болбойт.
Билим берүү жана илим министрлиги бекиткен тарыхты окутуунун жаңы концепциясына ылайык жазылган окуу китептери даярдалып, 2018-жылдан баштап мектеп окуучуларынын колуна тийип окула баштады. Кыргызстан тарыхы дүйнө тарыхынын ажырагыс бөлүгү катары каралып орто мектептердин 5-11-класстары үчүн тарых окуу китептери “Дүйнө жана Кыргызстандын тарыхы” деп аталды. Негизги максат – кыргыз элинин тарыхы дүйнө элдеринин тарыхы сыяктуу эле жалпы адамзатка тиешелүү мыйзам ченемдер менен өнүгөт, бирок, анын өзүнө тиешелүү, өзгөчө уңгужолу, өзгөчө цивилизациясы бар экендигин көрсөтүү болгон.
Мисалы, жалпы билим берүүчү мектептердин 5-класстары үчүн жазылган окуу китебинде “Египеттин байыркы цивилизациясы”, “Месопотамиянын байыркы цивилизациясы”, “Кытайдын байыркы цивилизациясы”, “Грециянын байыркы цивилизациясы”, “Римдин байыркы цивилизациясы” деген темалар жазылган. Ушул эле китепте “Кыргызстан байыркы доордо” деген чоң бөлүк бар. Эреже боюнча жаңы жазылган окуу китеби аз санда басмадан чыгарылып министрлик тарабынан региондор боюнча тандалган мектептерден 4-5 ай апробациядан өтөт. Апробация мезгилинде окуучуларда да, мугалимдерде да дүйнөнүн көп жерлеринде анда жашаган элдердин цивилизациясы болуп өнүккөн экен. Дүйнөнүн борборунда турган Борбордук Азияда, ушул жердеги байыркы эл болгон кыргыздардын цивилизациясы болгон эмеспи деген суроолор жаралганына күбө болгон элек.
Кыргызстанда мектептердин бир классы үчүн жазылган окуу китеби кыргыз, орус, өзбек, тажик тилдеринде 100 миңдей нускада чыгарылат. Массалык нусканы даярдоодо апробацияда пайда болгон суроо сунуш боюнча биз, авторлор 5-класстын окуу китебине кошумча “Кыргыз цивилизациясы” деген аталыш менен атайын бөлүм даярдап, талкууга койгон элек. Талкуу билим берүү академиясында башталып, Президенттик аппараттын бөлүмдөрүнө чейин жеткен. Бул бөлүмдү жазганыңар жакшы болуптур,- дегендер да болду. Идеологияны тейлеген айрым “чоңдор” бул теорияны киргизүү али эрте, “Кыргыз цивилизациясы” десек коңшу элдерге күлкү болобуз. Кое тургула, адегенде коңшулар жазышсын, күтөлү деп алдырып салышкан.
Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаров кол койгон “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндөгү жарлыгы тарыхчы окумуштуулардын башкаларды карап “жалтактоосун” токтотуп, тартынбай эле “Кыргыз цивилизациясы” деген ат коюп, китептерди жазууга, ата-бабаларыбыз жараткан цивилизацияны терең изилдөөгө, окутууга жана калк арасында кеңири жайылтууга кеңири жол ачты деген ойдобуз.
Уңгужол программасы тарыхчы-окумуштууларды мындан кийинки чыга турган китептерге ар бир доордо жашап өткөн кыргыздан чыккан даанышмандардын, улуу ойчулдардын акыл-ой корутундуларын, элдик макал-лакаптарды, учкул сөздөрдү чечмелеп, элибиз сактап келген улуттук наркыбызга ширелген жазылбаган мыйзамдарыбызды элибиз карманган салттарды, улуу баалуулуктарды биринчи планга коюп, аны менен катар материалдык маданияттын жетишкендиктерин даңазалоого милдеттендирет.
Тарыхты таптык көз караш менен окутууда “тарых – бул таптардын күрөшү” деген принцип биринчи орунда туруп, таптардын, мамлекеттердин бийлик үстөмдүк үчүн күрөшү чагылдырылып келгени белгилүү. Окуу китептеринде кан күйгөн кармаштарды окутуу басымдуулук кылган. Ал эми цивилизациялык теория боюнча тарыхты тап күрөшү өстүрбөстөн, адамдардын жаратмандык ойлору, иштери жалпы маданияты өстүрөт. Уңгужол изилдөөнүн жана окутуунун цивилизациялык теориясынын принциптери менен үндөшүп турат.
Президенттин Жарлыгына ылайык иштелип чыккан “Уңгужол” элибиздин идеологиялык жашоосунун негизги багытын аныктаган, көп жылдарга эсептелген программа элибиздин жаратмандык асыл ойлорун ишке ашырууга, маданиятты көтөрүүгө багытталган десек болот. Ата мекенибиздин кылымдарды карыткан тарыхы бул идеологиянын негизин түзөөрүн эч ким танбайт. Кыргызстандын тарыхчылары элдин тарых белгисиздигине түшүп кетүүсүнөн сактап, куттуу мекенибиздин уңгу жолуна түшөөрүнө өздөрүнүн омоктуу салымын кошот.
Өскөн ОСМОНОВ, Кыргыз Республикасынын тарыхчылар ассоциациясынын президенти, КР УИАнын корр.-мүчөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор