Калкожо аке Эшенкулов Токтогул районунун Токтогул шаарында жашайт. Бул киши тууралуу аваз кылып айтылган сөздөрдү көп угуп, бир таанышсам деп жүргөм. Кыргыз эл сүрөтчүсү, талант түнөп кеткен иним Асан Турсункулов келип, кайра кайтарында Калкожо акенин үйүндө болуп, анда түнөп кетерин айтып калды. Эртеси телефон чалып, Калкожо аке менен олтурганын билип, журналисттик өнөкөтүм кармап, амандашып туруп эле суроо бергенге өттүм.
— Калкожо аке, гүл бакчаныз тууралуу көп угуп жүргөм, аны кандайча уюштуруп калдыңыз?
– 2002-2003-жылдары эжең экөөбүз жумуш жок, турмуш оор болуп, бөтөлкө чогултуп сатып тирилик кылып жүрдүк. Ал кезде балдар жаш, анан бир күнү шаардын мэри Абдылда Сманалиев чакырып: «Калкожо аке, иштерман адам экенсиз. Ош-Бишкек жолунун боюнда бир чуңкур жер бар, эл таштанды таштоочу жайга айландырып жиберди. Бир гектарга жакын, ошол жерди берейин, өздөштүрүп, үй салып бир гүлзарга айландырбайсызбы» деп калды.
Ал жерге чынында көп эмгек керек эле, ага карабай макул болдум. Мындай демилгени ал кездеги аким Жолдошбек Меделканов да колдоого алды. Ошентип иш баштап, тонналаган таштандыны ташып чыгардым, чуңкурду толтурдум. Жерди тегиздеп бак кылууга кириштим.
– Андан бери эмгек кайттыбы?
– Тез эле гүл бакка айландырдым. Жанына май куюучу жай, соода жайларын ачтым. Атаандаштык күчөгөндө сооданы токтотуп, мейманкана ачтым. Ошентип балдарды окуттум. Азыр 3 уул, 5 кызым бар. Өкүнүчтүүсү, ушул гүл бактын үзүрүн көрөрдө келинчегим кайтыш болуп кетти. Азыркы өмүрлүк жарым Рапия экөөбүз мээнетти катуу кылдык.
– Азыр гүл багыңызда эмнелер өсөт?
– Алманын 7-8 түрү, андан сырткары анар, шаа тыт, бадам, кара өрүктүн эки-үч түрү, өрүк, шабдаалы, алча, жаңгак, алмурут, андан тышкары гүлдүн 30дан ашык түрү өсөт. Бактын ичине эс ала турган жайларды курдум, гүлзарларды кылдым, байбичем менен кыздарым Акбермет, Акгүл жеңилди – жерден, оорду – колдон алышты.
Балдарым жогорку билим алып иштеп жатышат. Колдо мектепте окуган эки кызым калды. Азыр сизге бир нече сүрөттөрдү жөнөтөм, көрүнүз, – деди.
Калкожо аке кичи пейил, жөнөкөй, эң башкысы эмгекчил, кең пейил адам экен. Мындай адам менен таанышканыма сыймыктанам. Чакан мал чарбасы да бар экен. Эмгек кылсаң берекесин көрөсүң деген ушул. Анын бакчасынын сүрөттөрүн көрүп Крымдагы курортто жүргөндөй болосуң.
Эгерде элдин баары жерге Калкожо акедей мамиле кылып, жаратылыш менен эриш-аркак болсо, жерибиз алда качан бейиштин төрүнө айланмак. Бар болуңуз, Калкожо аке!
Абдымомун КАЛБАЕВ