Воскресенье, 29 декабря, 2024
-10.9 C
Бишкек

«Жашыл мурасты» жабыла колдойлу

Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-январындагы «2022-жылды тоо экосистемаларын жана климаттык туруктуулукту коргоо жылы деп жарыялоо жөнүндө» №17 жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 17-мартындагы «Жашыл Кыргызстан” экологиялык акциясын өткөрүү жөнүндө» №137-VII токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-мартындагы №95-т жана 2023-жылдын 3-мартындагы 89-т тескемелерине ылайык, экологиялык коопсуздукту, курчап турган чөйрөнү коргоону, токойлорду сактоону, климаттын өзгөрүшүнүн терс кесепеттерин болтурбоону жана жашыл бак-дарактардын аянтын көбөйтүүнү камсыз кылуу боюнча чараларды караган «Жашыл мурас» улуттук өнөктүгү жүзөгө ашырылып жатканы жөнүндө маалымдайт.

«Жашыл мурас» улуттук өнөктүгүн жүзөгө ашыруу үчүн түшкөн донордук, гранттык каражаттарды топтоону камсыз кылуу зарылдыгын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин атайын эсеби ачылды:

4402011102016445 — Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл  Министрлиги – «Жашыл мурас» 

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жарандарды, мамлекеттик органдарды, коомдук уюмдарды, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдү «Жашыл мурас» улуттук өнөктүгүнө активдүү катышууга чакырат.

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар