Акыркы жылдарда арзып алган жарын, өз кан-жанынан жаралган баласын таштап, үй-жайынан безген аталар көбөйдү. 2023-жылдын акырына карата алимент төлөбөгөндөрдүн саны 53 миң 548 болгон. 383 сот аткаруучу алимент боюнча аткаруу кагаздарын булардын кай бирине жеткирип берип, кимисинен кантип алимент өндүрүп аларын билбей убара.
Өлкөнүн мыйзамдары боюнча алимент төлөбөгөндөргө айып пул салынат же коомдук түзөтүү иштерине тартылат. Арийне, мындай чара алгылыксыз, муну Жогорку Сот да мойнуна алат. Алимент төлөбөгөн ата айыппулду төлөмөк беле? Мыйзам жазгандар мына ушул эң жөнөкөй нерсени эске алып коюшса болмок. Ошондон улам, Жогорку Сот жазаны өзгөртүп, 15 суткага камакка алуу менен алмаштырууну сунуштоодо. Чындыгында анын өзү деле айла кеткендеги сунуш, барып-келип эле алимент төлөөдөн качкан адамды мамлекет өзү “камкордукка алып”, “багууга” милдеттүү болуп калып жатпайбы.
Алимент көйгөйү үй-бүлө институту маселесине, акыр-аягы улуттук нарк-насилге келип такалат. Азыр Кыргызстанда ар бир төртүнчү бала никеси жок төрөлүп жатат. Ажырашуулардын саны жыл санап көбөйүүдө. 2018-жылы 1 миң үй-бүлөгө 210 ажырашуу туура келсе, 2022-жылы ал 253кө жеткен. Узун сөздүн кыскасы, эркектер да, аялдар да ажырашып, жалгыз бой жашаганга, никесиз төрөгөнгө артыкчылык беришет.
Кылмыш-жаза кодексиндеги алимент төлөбөгөндөргө карата жазаны күчөтүү демилгеси мындан мурда да көтөрүлүп, алимент төлөбөөнү жорук эмес, кылмыш катары кароо сунушу айтылган. Бирок, ал сунуш өткөн эмес. Эгер алимент төлөбөө кылмыш катары саналганда, алимент төлөбөгөндөргө издөө жарыялап, сары изине чөп салып кармап, алимент төлөтүүгө мүмкүнчүлүк жаралмак.
Азыркы мыйзамдар боюнча, алиментке карызы барлар өлкө чегинен сыртка чыга алышпайт. Бирок, бул абалдан чыгуунун жолу эмес. Биз баарыдан мурда үй-бүлөнү кантип сактап калабыз, канткенде толук кандуу үй-бүлөлөрдө балдар төрөлөт, балдар эс тартып чоңоет деген маселени күн тартибине коюшубуз керек деп ойлойбуз. 2023-жылы 45 миң 495 жуп никеге турушса, 12 миң 552 үй-бүлө ажырашкан. Салыштыруу үчүн айтсак, 2011-жылы 56 миң 509 жуп баш кошсо, ажырашкандардын саны 8 миң 705 болгон. Бул сандар эмнени айтат? Акыркы жылдарда үйлөнгөндөрдүн саны азаюу менен ажырашкандардын саны көбөйүп баратат. Ошол эле учурда никесиз төрөлгөн балдардын саны көбөйүүдө. Алсак, 2021-жылы 13 миң бала никесиз төрөлгөн.
Мунун өзү каалайбыз же жокпу, кылымдар бою келаткан үй-бүлөнү кол тийгис ыйык туткан ата-бабалардын таберик салты тарых барактарында калып, үй-бүлө институту башкача калыптана баштаганын көрсөтөт. Болбосо, 12 миң бала никесиз төрөлөт деген эмне деген шумдук. Бул кыргыз коомунун кедери кетип, туна чөгүп баратканынан кабарлайт.
Качан кыргыз кыз-келиндери көчөгө жарым жылаңач чыгып: “Мен чай куйбайм”, “Мен күйөөгө тийбейм”, “Жатын меники, мен төрөбөйм”, “Мен балама өз атымды берем”, “Дене өзүмдүкү, эмне кылсам өзүм билем”, “Транс болгонума сыймыктанам” деп жөө жүрүш жасачу эле? Толук кандуу үй-бүлөлөр азайып, ажырашуулар көбөйүп баратканы мына ушундай башы шамалдап калгандардын кесепетинен улам болуп жатканы экени жалганбы? Кылмыш-жаза мыйзамдарын гумандаштыруу идеясы да батышчылдардын демилгесинен улам келип, алиги алимент төлөгүсү келбегендердин көбөйүп жатканынын сыры да ушул жакта болуп жатпайбы.
Мына ушул өңүттөн алганда Президенттин нарк жөнүндөгү жарлыгы өз убагында жарык көрдү деп айтсак болот. Эгер кылымдар калыптанган үй-бүлө институтун, үй-бүлө ыйыктыгын сактап калгыбыз келсе, эгер ажырашуулардын саны азайсын десек, анда улуттук каада-салттарыбыз менен жашап, “эл эмне дейт” деген улуу сөздөн чочулап, ага түздөнүп жашашыбыз керек.
Болбосо, статистика карап отуруп, жаныңдан түңүлөсүң. Айталы, 2019-жылы үйлөнгөндөрдүн саны 49 миң 395 болсо, 2020-жылы жуп болгусу келгендердин саны болгону 39 миң 944 болгон. Дээрлик 10 миңге азайган. Ал эми ажырашкандардын саны 2019-жылы 10 миң 995 болсо, 2020-жылы 9 миң 150 болгон. Айырма 1 миң 845 эле.
Ажырашууда финансылык жактан да, моралдык жактан да аялдар көбүрөөк жабыр тартышат. Эркектер төрөтүп койгонуна корстон. Алимент төлөгүсү келбеген ата баласынын келечегине ойлоп, үйлүү-жайлуу болсун, татыктуу тарбия, билим алсын, ден соолугу болсун деп ойлоп коймок беле. Демек, бүгүн мыйзамдарда мына ушунун баары каралып, ажырашуу, алимент төлөбөө кылмыш катары каралууга тийиш. Болбосо, бала меники, кийин чоңойгончо атасын өздөрүн издеп келет деген аталардын саны көбөйүп, коом, анын ичинде үй-бүлө ыдырап, коомдун негизи болгон үй-бүлө институтуна доо кетери анык.
Болотбек Таштаналиев, “Кыргыз Туусу”