Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-майда, Талас облустук ички иштер башкармалыгынын Талас шаарындагы жаңы имаратынын ачылышына катышты.
Мамлекет башчысы чогулгандарды бул аймактагы маанилүү жакшы саамалык менен куттуктап жатып, мамлекет кайсы гана тармак болбосун, жүктөлгөн милдеттерди натыйжалуу аткаруу үчүн эң алгач иштөө шарты талапка ылайык болушу керек деген принципти тутунуп, иш алып барарын белгиледи.
«Мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштөө шарттары канчалык жакшы түзүлгөн болсо, элге кызмат көрсөтүүнүн сапаты да ошончо жогору болот. Бүгүн биз ошол элге кызмат кылуунун сапатын жогорулатууга мисал боло турган Талас облустук ички иштер башкармалыгынын жаңы заманбап имаратынын ачылышына күбө болуп турабыз», — деп Садыр Жапаров баса белгиледи.
Президент жүктөлгөн милдеттерди мындан ары дагы күчөтүү максатында кошумча автоунаалар, керектүү жабдуулар жана атайын каражаттар тапшырыла турганын айтты.
Мындан башка, Садыр Жапаров акыркы үч жыл аралыгында өлкө аймагындагы ички иштер органдарына жардам сурап кайрылган жарандарыбыздын чакырууларына ыкчам чыгып, жерине жетип барып, коопсуздукту камсыз кылуу үчүн 400дөн ашуун автоунаа берилип, 200дөн ашуун имарат курулуп, оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөнүнө басым жасап, айта кетти.
Сөз сүйлөгөндөн кийин Садыр Жапаров жаңыланган шарттар менен таанышты: имараттагы кызматтык жайларды, медициналык-санитардык бөлүктү, актовый залды, футбол талаасын жана машыгуу залын көрүп чыкты.