whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
19.05.2025
15.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүПрезидент Таластагы жаңыланган аэропорттун ачылышына катышты

Президент Таластагы жаңыланган аэропорттун ачылышына катышты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-майда, Талас шаарындагы аэропорттун ачылышына катышты.

Мамлекет башчысы шаардын тургундары жана меймандарынын алдында сөз сүйлөп, “Талас” аэропортунун ачылышы Кыргызстандын тарыхында жаңы баракты ачып жатканын белгиледи.

Өлкөнүн региондорундагы аэропорттордун иши узак жылдар бою үзгүлтүккө учураган бойдон турган, өкмөт “Манас” эл аралык аэропорту менен биргелешип, токтоп турган учак майдандарынын ишин жандандыруу боюнча чечкиндүү чараларды көрдү. Таластагы аэропорт бул иштин алгачкы маанилүү натыйжасы болуп отурат.

Мамлекет башчысы “Талас” аэропорту жөн гана инфраструктуралык жетишкендик эмес, өлкөнүн өсүп-өнүгүүгө болгон умтулуусунун белгиси экенин белгиледи. Бул кадам өлкөнүн мындан аркы өнүгүүсүнө, мамлекеттүүлүктүн бекемделишине, элдин жакындашуусуна өбөлгө түзөт, экономиканы, ишкерликти жана туризмди өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат, ошондой эле коңшу өлкөлөр менен алака-катышыбызды чыңдоого жардам берет.

Аймактык аэропорт саатына 100 жүргүнчүнү тейлей алат жана ички каттамдарды аткарууга багытталган.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар