Президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Талас облусу боюнча башкармалыгына барып, жаңы курулган машыгуу залынын шарттары менен таанышты.
УКМК башкармалыгынын кызматкерлеринин дене тарбиялык даярдыгын жогорку деңгээлде кармап туруу үчүн машыгуу залында бардык керектүү шарттар түзүлгөн. Футбол аянтчасы, машыгуу залы, чечинүүчү жай, душ кабинкалары жана мончо курулган.
Садыр Жапаров коопсуздук органдарынын кызматкерлерин залдын ачылышы менен куттуктап, коомдун жана мамлекеттин жыргалчылыгы үчүн кызматындагы ийгиликтерди каалады.
Эскерте кетсек, УКМКнын Талас облусу боюнча Башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылышы өткөн жылдын 17-июнунда болгон. Анда УКМКнын кызматкерлери Мамлекет башчысына машыгуу залын куруп берүү өтүнүчү менен кайрылышкан.
Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Президенттик фонддон 50 млн. сом бөлүнгөн.