whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
14.05.2025
18.8 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомЖугуштуу оорулардын алдын алуу максатында эт саткан дүкөндөр текшерилди

Жугуштуу оорулардын алдын алуу максатында эт саткан дүкөндөр текшерилди

Бишкектин базарларында жана эт саткан дүкөндөрдө өзгөчө коркунучтуу жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча рейддик иш-чаралар өткөрүлүүдө.

Бул иш-чаралар сатылып жаткан азыктардын малдан адамга жугуучу күйдүргү, бруцеллез жана эхинококкоз ооруларынын таралышын болтурбоого багытталган.

Рейддин жүрүшүндө Орто-Сай базарында айрым мыйзам бузуулар менен эт сатуу түйүнү аныкталып, акт түзүлүп, шаардык ветеринардык кызматы тарабынан андан аркы териштирүү үчүн азыктын үлгүсү алынды.

Рейддердин жүрүшүндө санитардык нормаларды сактоого, эт азыктарын сактоо жана ташуу шарттарына, ошондой эле продукциянын сапатын жана коопсуздугун ырастаган зарыл документтердин болушуна өзгөчө көңүл бурулат.

Мындан тышкары, бардык эт сатуучуларга оорулардын алдын алуу эрежелери, ошондой эле тазалыкты сактоо боюнча түшүндүрмөлөр берилди.

 

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар