whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
07.11.2025
3.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүА.Жапаров: "Кыргызстанда үмүт менен оптимизмдин жаңы доору башталды"

А.Жапаров: «Кыргызстанда үмүт менен оптимизмдин жаңы доору башталды»

«Бүгүнкү күндө Кыргызстанда үмүт менен оптимизмдин жаңы доору башталды», — деди Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров дүйшөмбүдө Бишкекте башталган кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу жана терроризмди каржылоо боюнча Евразия тобунун 40-пленардык жыйынында.

Ал өз сөзүндө өтүп жаткан иш-чаранын маанилүүлүгүн жана Кыргызстандын экономикалык ийгиликтерин белгиледи.

«Президент Садыр Жапаров 2021-жылдын январында шайлангандан бери Кыргызстанды сөз менен эмес, иш жүзүндө ак ниет башкаруу жана коррупцияга каршы күрөшүү принциптерине чыныгы берилгендигин көрсөттү. Биз акыркы 3 жылда салык жыйымдарын 3 эсеге, бажы кирешелерин 4 эсе өсүүсүнө жетиштик, экономиканын орточо өсүшү 7%га, ИДП дээрлик 2 эсеге өстү.

Натыйжалуу башкаруунун, ачык-айкындуулук жана отчеттуулукту жайылтуунун, санарип технологияларды кеңири колдонуу, фискалдаштыруу, экономиканы накталай эмес төлөмдөргө өткөрүүнүн аркасында Кыргызстан туруктуу өнүгүү жолуна түштү», — деди Жапаров.

Гезит

Диана Талгарбек кызы: “Бүгүнкү кыргыз жаштары аракетчил, жаңы идеяларга бай, тил үйрөнүүгө шыктуу жана күчтүү”

Өткөн жумада Президент Садыр Жапаров өлкө ЖОЖдорунун 92 мыкты студентине президенттик стипендия тапшырды. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде, инженердик техникалык факультетинин агроинженериядагы экономика...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар