whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
14.05.2025
18.8 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүА.Жапаров: "Курулушу созулуп келе жаткан мектептердин 80%ы бүткөрүлдү

А.Жапаров: «Курулушу созулуп келе жаткан мектептердин 80%ы бүткөрүлдү

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кара-Дөбө айылындагы 275 орундуу М.Тешебаев атындагы мектептин салтанаттуу ачылышына катышты.

«Бул мектептин курулушу 9 жыл мурда башталган эле. Эми мына курулуш иштери аяктап биздин балдар, биздин кыздар жаңы окуу жайына кирип жатышат»-деген Акылбек Жапаров, республика боюнча бул сыяктуу курулушу башталып, бирок ортодо токтоп калган мектептердин 80 пайызы бүткөрүлгөн билдирди.

Министрлер Кабинетинин башчысы өлкө экономикасынын өсүшү бардык тармактарда алдыга жылууларга өбөлгө болуп, анын ичинде билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, акыркы үч жылда 214 жаңы мектеп салынганын белгиледи.

«Элдин кирешесин көбөйтүү үчүн 365 миңден ашык адамдын айлык акысын жогорулаттык, анын ичинде мугалимдердин, дарыгерлердин, мамлекеттик жана муниципалдык жана башка тармактын кызматкерлердин маянасы жогорулады. Булардан тышкары 700 миңден ашык пенсионердин пенсиясына 3 жылда 3000 сомдон ашык коштук»-деди ал.

Андан аркы сөзүндө Министрлер Кабинетинин башчысы быйыл мектепти бүтүрүп жаткан окуучуларга жана алардын ата-энелерине кайрылып, кесип жана жогорку окуу жайды тандоодо дыкат мамиле кылууга чакырды.

Ошондой эле Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Өзгөн районундагы №60 Т.Төлөнбаев, Ноокат районундагы Маданият орто мектептеринин ачылыш аземине онлайн форматында катышты.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар