Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров 3-4-июнда иш сапары менен Беларусь Республикасына барат.
Жумуш сапарынын алкагында Министрлер Кабинетинин башчысы Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Мындан тышкары, «Евразия экономикалык бирлигинин азык-түлүк коопсуздугу» пленардык сессиясына катышуу жана «Белагро-2024» эл аралык адистештирилген көргөзмөсүнө баруу пландаштырылган.
ЕӨАКнин кезектеги отурумунда 10дон ашык маселе каралат, анын ичинде Евразия өнүктүрүү банкынын инвестициялык ишмердүүлүктү жүзөгө ашыруу жолу менен ЕАЭБ мамлекеттеринин ортосунда соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө көмөктөшүүсү, трансчек аралык рыноктордогу атаандаштыктын абалы жана аларда атаандаштыктын жалпы эрежелерин бузууларга бөгөт коюу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясынын жылдык отчету, 2023-жыл үчүн.