Суббота, 28 декабря, 2024
-8.9 C
Бишкек

Кыргыз улуттук консерваториясына – 30 жыл

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук консерваториясынын 30 жылдыгына арналган музыкалык жогорку окуу жайлардын ректорлорунун эл аралык форуму болуп өттү. Төрт күнгө созулган форумдун расмий бөлүгү К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында, андан соң Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында гала-концерт, эртеси Чолпон-Ата шаарындагы Ч.Айтматов атындагы “Рух Ордо” маданий борборунда искусство чеберлеринин жана консерваториянын бүтүрүүчүлөрүнүн концерти менен коштолду.

26-майда А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында заманбап композиторлордун чыгармаларынан турган концерт берилип, форумдун соңу “Эл аралык кыргыз композиторлор, аткаруучулар жана музыка таануучулар ассоциациясы” коомдук бирикмесинин биринчи конгресси менен жыйынтыкталды.   

Иш-чарага бир катар чет өлкөлөрдүн жана кошуна мамлекеттердин музыкалык окуу жайларынын ректорлору, тактап айтканда, Россия, Венргия, Италия, Польша, Кытай, Вьетнам, Азербайжан, Казакстан, Єзбекстан жана башка өлкөлөрдөн келишти. Ошондой эле Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Э. Байсалов,  маданият, маалымат, спорт жана жаштар министри А.Максүтов, Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын ректорлору жана ошондой эле музыкалык билим берген мекемелердин өкүлдөрү, окутуучулар катышты.

Форумдун расмий ачылышынан соң Америкада жана Казакстанда эмгектенишкен консерваториянын бүтүрүүчүлөрү жана бир нече чет өлкөлөрдөн келген белгилүү музыканттар тарабынан “Стейнвей энд Санс” роялынын коштоосунда дүйнөлүк классикалык чыгармалар катышуучуларга тартууланды. 

Кыргыз улуттук консерваториясынын ректору Муратбек БЕГАЛИЕВ:

“Бүтүрүүчүлөрүбүз чет өлкөлєрдө ийгиликтерди жаратууда”

– Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына жана Кыргыз улуттук консерваториясынын 30 жылдыгына арналган форумдун кадырман катышуучулары, музыкалык билим берүүнүн өкүлдөрү жана жогорку искусствонун жаратмандары!  Көптөгөн жылдар бою жогорку деңгээлде музыкалык билим бере турган жогорку окуу жайдын ачылышын музыканттар күтүп келген эле. Кыргызстан эгемендигин алып, өз алдынча өнүгүүгө карай багыт алган мезгилде биз коомчулукка консерватория ачуу зарылдыгын  түшүндүрө алдык. Бул демилгебиз колдоого алынып, 1990-жылы ата мекендик музыка чеберлерин, окутуучуларды, маданияттын жана билим берүүнүн ишмерлерин топтоп, андан соң окуу жайды негиздедик. Албетте, кыйынчылыктар да болбой койгон жок.

Андан бери 30 жыл убакыт өттү. Консерватория бул жылдар аралыгында 3000ден ашуун жогорку-квалификациялуу бүтүрүүчүлөрдү даярдады. Алардын көпчүлүгү эл аралык конкурстардын лауреаты жана “ХХI кылымдын кадрлары” программасынын президенттик стипендианттары. Биздин кадрлар студент кезинен тартып эле филармониянын, театрлардын солисти катары эмгектенип башташат. Чет өлкөлөрдө да өз өнөрлөрүн көрсөтүп ийгиликтерди жаратып келишет. Консерваториянын базасында чоң симфониялык оркестр, улуттук аспаптар оркестри, үйлөмө аспаптар оркестри, “Акак” комузчулар ансамбли жана башка группалар түзүлдү.

Көптөгөн жылдар бою көксөгөн максатыбыз орундалбай бушайман болуп келген элек. Жакында ошол бийик ойлорубуз орундалып, президентибиз Садыр Жапаровдун жана Министрлер Кабинетинин колдоосу менен “Стейнвей энд Санс” роялын алдык.

Бүгүнкү күндө Кыргыз улуттук консерваториясы чыгармачылык жаатында гана билим бербестен  илимий-методикалык жана өлкөнүн концерттик ишмердигиндеги негизги борборго айланды. Консерваториянын бүтүрүүчүлөрү Казакстанда, Америка Кошмо Штатында, Италияда жана башка өлкөлөрдө иштеп, ийгиликтерди жаратып келишет.

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил БАЙСАЛОВ:

“Музыка –  баарыбызды бириктирген универсалдуу тил”

– К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын 30 жылдыгына арналган музыкалык жогорку окуу жайлардын ректорлорунун эл аралык форумуна чогулуп отурабыз. Бул маанилүү маарекени  көптөгөн убакыттан бери күтүп келгенбиз. Бүгүнкү иш-чарага 28ден ашуун жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү, ошондой эле 21 чет өлкөдөн келген маданияттын белгилүү ишмерлери катышууда. Форумада консерваторияда жана башка музыкалык окуу жайларда билим берүүнү өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашып, жаңычыл демилгелерди угабыз деген ойдомун. Ошондой эле музыкалык билим берүүдөгү жаңычыл демилгелерди ортого салабыз жана маданият, музыка багытындагы маанилүү маселелерди чечүүдө биргелешкен чечимге келебиз деп ишенем. Музыка – бул баарыбызды бириктирген универсалдуу тил. Адам жашоосуна технологиялардын кирүүсү менен күн сайын өзгөрүп жаткан дүйнөдө биз жаштарыбыздын сапаттуу музыкалык билим алууга болгон мүмкүнчүлүгүн кеңейтишибиз керек.

Кыргыз улуттук консерваториясы бүгүн 30 жылдык маарекесин белгилеп отурат. Консерваториянын түптөлүшүндө ректор Муратбек Акимовичтин эмгеги зор экендигин айтпай коюуга болбойт. Муратбек Акимович Улуттук консерваторияны ачуу боюнча демилгесин сунуштаганда, ага каршы чыгып,  консерватория дүйнөлүк искусствонун, маданияттын очогу болгон ири шаарларда  ачылат, Бишкекте кантип ачылсын? деп күлгөндөр да болгон, ошолордун баарына туруштук берди. Муратбек Акимович, демилгеңизди ишке ашырып, чет өлкөдөгү музыкалык жогорку окуу жайлар менен өнөктөштүктө иштеп, кыргыз музыкасын чет элге таанытып келе жатканыңыз үчүн Сизге рахмат!

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министри Алтынбек МАКСҮТОВ:

“Консерватория – кыргыз музыкасынын жүзү”

– Бүгүн биз Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын гана тарыхында эмес бүтүндөй маданият тарыхында кала турган иш-чарада чогулуп отурабыз. Эл аралык деңгээлдеги бул форум алгачкы жолу Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Кыргыз Республикасындагы музыкалык окуу жайлардын флагманы болгон биздин сүйүктүү Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториябыздын 30 жылдык мааракесинин алкагында уюштурулууда.

Бул форумда биз дүйнө жүзү боюнча музыкалык билим берүүнүн сапатын жакшыртууга өбөлгө боло турган мыкты тажрыйбаларды, идеяларды жана инновацияларды алмашуу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүккө ээ болуудабыз. Келиңиздер, музыкалык билим берүү ишмердигин дагы да жеткиликтүү, таасирдүү болуусун ишке ашыруу үчүн биргеликте иш алып баралы. Мен ушул залда отурган ар бириңиздерди билим берүүнүн ушул маанилүү тармагын өнүктүрүүгө жана ар бир адамдын жашоосунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган музыка дүйнөсүнүн өнүгүшүнө салым кошууга чакырам. К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын жалпы эмгек жамаатын 30 жылдык маарекеси менен куттуктайм!

Гнесин атындагы Россиялык музыкалык академиянын ректору Александр РЫЖИНСКИЙ “Өзгөчө ийгилик жараткан “Ала-Тоо” симфониясы”:

– Гнесин атындагы Россиялык музыкалык академия көптөгөн жылдардан бери Кыргыз улуттук консерваториясы менен өнөктөштүк, достук мамиледе иш алып барып келет. Музыка – бул таңкалтырарлык  искусство. Анткени аны которуштун да кереги жок. Чек арадан чыкканыңды да сезбейсиң, дегеним, дал ушул залдын сценасында Кыргыз улуттук консерваториясынын  хор коллективинде туруп, дирижердун көрсөтмөсү менен чыгарма бирдей эле аткарылат.  Ушул сахнада М.Бегалиевдин “Ала-Тоо” симфониясын масштабдуу чыгармачыл мектеп катары элестетип турам. Кыргыз улуттук консерваториясы тууралуу айтыла турган сөздөр арбын. Консерваториянын маарекесине байланышкан ушундай форумдун жана буга чейинки тажрыйба көрсөткөндөй,  өзгөчө ийгилик жараткан “Ала-Тоо” симфониясын масштабдуу улантуу зарыл деп ойлойм.

Бүгүнкү өтүп жаткан маареке силердин талыкпаган эмгегиңердин натыйжасы. Консерваториянын эмгек жамаатын  30 жылдык маарекеси менен куттуктайм!

Бишкек Мамлекеттик университетинин ректору Абдылда МУСАЕВ:

“Таланттарды таптаган ордо”

– Бүгүнкү иш-чаранын жалпы катышуучуларын Кыргыз улуттук консерваториясынын 30 жылдыгы менен Кыргызстандагы ректорлордун ассоциа-циясынын атынан куттуктайм! Эгер тарыхый өңүттөн алып караганда 30 жыл бул көз ирмемдей эле убакыт. Бирок, музыканын, деги эле искусствонун өзүнүн өзгөчөлүгү, өзүнүн табияты бар. Музыканы түшүнүү, уга билүү үчүн тил билүүнүн да кажети жок. Музыка дүйнө элинде бир гана тилде сүйлөйт. Ф.Шопен, П.Чайковский, С.Бах, Л.Бетховен, А.Моцарт ж.б. композиторлор дүйнөлүк маданияттын тарыхын жараткандар. Кыргыз улуттук консерваториясы азыркы мезгилдин залкарларын даярдаган окуу жай. Дал ушул окуу жайда кыргыздардан Ф.Шопен, П.Чайковскийдей залкар композиторлордун чыгышын каалайм. Ар кыл саясий жагдайларга карабастан кыргыз элинен Насыр Давлесов, Калый Молдобасанов ж.б. залкар композиторлор чыккан. Кыргыз улуттук консерваториясы руханий дүйнөнү өстүргөн чыгармаларды жаратып, таланттарды таптаган ордо. Мындан ары да бийик деңгээлдеги чыгармаларды жарата берет деген ишенимдемин.

Вера Беделбек, “Кыргыз Туусу”

 

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар