«Адам тирүү кезинде өзүнө эстелик тургузуш керек! Анын жолу эмгек аркылуу гана!»– деп улуу окумуштуу Кусейин Карасаев өзү белгилеп кеткендей, өмүрүнүн акырына чейин илимге кызмат кылып, өзүнө эмгектен эстелик тургузууга жетишкен. Ал эми анын кыргыз басма сөз тарыхынын жерпайын түптөөдөгү кошкон салымы өзүнчө сөз кылууга арзыйт.
«Биздин тилде да гезит, журнал чыгаар күн туулар бекен!»
1924-жылы Кусейин Карасаев Ташкенттеги казак-кыргыз агартуу институтунун филология факультетинин биринчи курсунда окуп жаткан кези. “Эркин Тоо” гезитинин туңгуч редактору Осмонкул Алиев Кусейин Карасаевди чакырып: «Эркин Тоо» газетасына иштейсиң. Бир жагынан окууңду уланта бересиң. Караколдон Сыдык Карачевди алдырдык. Сени менен бирге окуп жүргөн Мустапа Акматов да корректор болуп иштеши керек. Сен тил факультетинде окуп жатасың. Газетага чыккан макаланын орфографиясына сен жооптуу болосуң. Оңой-олтоң иш деп караба», – деп маселени кабыргасынан коюп, чоң милдетти жүктөйт. Кылчактап, кыйылып олтурбай дароо “Эркин Тоону” чыгаруучу жигердүү топко кошулуп, ишке киришет. К.Карасаев бул тууралуу мындайча эскергени бар: “Ошол кезде казак, өзбек, татар тилинде окуп жүргөн жаштар: «Биздин тилде да гезит, журнал, китеп чыгаар күн туулар бекен!» – деген тилек, мүдөө ар кимисин көксөтөөр эле. Башка тилде окуп жүргөн кезде ошол тилдин өкүлдөрү көтөрүлбөй, мактанбай да койбойт экен. Мына ошондон улам улуттук сезим күч алат окшойт. Өз тилиңде окуу иштеринин жүргүзүлүшүн, өз тилиңде газета, журналдын чыгышын көксөйт экенсиң. өз элиңдин, өз эне тилиңдин патриоту болот экенсиң. Ошол ишти иш жүзүнө ашырууга кичине болсо да ат салышкың келет экен” (“Хусеин наама” китебинен).
Өз киндигин өзү кескендер
Ал кезде Ташкентте окуп жүргөн саналуу эле кыргыз жаштары болгон. Алардын арасында макала жазгандар, болгондо да кыргызча жазгандар жокко эсе эле. Ошондой болсо да жогорку кызматтагы жооптуу кызматкерлерди кыдырып, макала жаздыруу тапшырмасы Карасаевге жүктөлөт. Иш башында жүргөн, жооптуу кызматкерлер: Ишенаалы Арабаев, Жусуп Абдыракманов, Турдаалы Токбаев, Ыбырай Тойчинов, Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков болгон. Макала жазат дегендер да ушулар. Карасаев аларды кызмат ордунан таппаса үйлөрүнө чейин барып, макала жаздырып, орфографиялык каталарын оңдоп, анан редакторго өткөрүп берип турган.
Гезит чыгаруучулардын дагы бир тарткан кыйынчылыгы – гезиттин орфографиясы болгон. Ал убакта кыргыз тилинин орфографиясы тургай алфавитибиздин тамгалары жөндүү иштелип чыга элек болгондуктан, сөздөрдүн жазылышы ар болуп калуу коркунучу жаралган. Муну бир эрежеге салуу милдетин Кусейин Карасаевге жүктөшкөн. Ката болгон күндө да сөздүн жазылышы бирдей болуусу үчүн бир кишинин колунан чыкканы дурус эле. “…Ошол милдетти колдон келишинче аткардым го деп ойлойм. Ошол биринчи чыккан газетанын орфографиясына жооптуу болгонума азыр сыймыктанам. “Жетим өз киндигин өзү кесет” деген макал кандай таамай айтылган. Өзүбүз билишибизче орфография түздүк, билишибизче жаздык. Өкмөттүн, партиянын тапшырмасын колдон келишинче аткардык”, – деген залкар окумуштуу.
Канат бүтүрүп, илгери сүйрөгөн – улуттук сыймык
“Эркин Тоо” гезитинин алгачкы сандарын өзбек наборщиктери терип беришкен. Себеби, ал кезде бир дагы кыргыз наборщиги болгон эмес. Алар кыргыз сөздөрүн түшүнбөй “ушундай да сөз болобу?” деп мурда кийин кыргыз тилин, жазуусун көрбөгөн наборщиктер таң калышат. Сөзгө түшүнбөй, тамгасын карап эле теришет. Гезитке басыла турган макала кабарлардын катасы текшерилгенден кийин кол менен көчүрүшүп, анан типографияга терүүгө алып барышат. Бул тууралуу К.Карасаев өзүнүн өмүр баяны камтылган “Хусеин наама” китебинде мындайча эскерет: “Алар менен дес талашып урушмак тургай, жалынып-жалбарып атып, материалды араң тердиребиз. Акыркы корректурасын окуп берип, чыгарууга кол коюу үчүн түн ортосу өткөнчө акыйып отурабыз. Ошол кыйынчылыктын баары бир тыйынча көрүнчү эмес. Бизге канат бүтүргөн, илгери сүйрөгөн – улуттук сыймык болчу”.
Бирок муну менен эле иш бүтүп, гезит даяр болуп калган эмес. Өзүнчө басмаканасы, кеңселери болбогондуктан, Ташкенттеги басмаканаларга жалдырап, эчен эшикти кагып, таманы тешилгенче чуркап жүрүшүп, көп түйшүк менен гезитти чыгарышкан. Буга далил катары Сыдык Карачевдин макаласынан мисал келтире кетели:
“Ал убакта башкармада мен, Осмонкул Аалы уулу, Мустапа Акмат, Кусейин Карасай уулу иштечүбүз, соңураак жолдош Байыш уулу да иштешти… Маш болбогондон кийин, «өлүп көрүпмүнбү» дегендей, иш кыйын экен. Версткалап материалдарды жай-жайына орноштурганча далай убак өтүп кетет. Машиначы башканы басып калат. Кежилдешип талашып: Биздикин бас. Убадаң бар болчу,-десек да болбойт. Эч бир айла таппагандан кийин, эски шаардан жаңы шаарга «чоңубузга» карай чуркайбыз. Андан кагаз жаздырып, басмакананын чоңдоруна барып жүргөнчө дагы бир далай убак бекер өтөт. Уруксаттарды, «токтоосуз бастыргын» деген буйруктарды көтөрүп алып, басмаканага келебиз. Араң жатып бастырабыз. Кезиттерди ташып, «Правда востоканын» таратуу бөлүмүнө алып келип тапшырабыз. Андан Кыргызстанга жиберебиз” («Кызыл Кыргызстан» 1927-жыл 16-ноябрь №129).
“Эркин Тоонун” Ташкенттен Пишпекке көчүрүлүшү
Мындай тоскоолдуктарга карабай Ташкент шаарынан «Эркин Тоонун» 6 саны басылып чыккан. Ал эми 1924-жылы 30-декабрда Кыргыз Автономиялуу облусунун партиялык, советтик жана башка уюмдарынын Ташкенттен Пишпекке көчүрүлүшүнө байланыштуу, «Эркин Тоо» гезитинин редакциясы да ушул жерге которулган. Бирок, Пишпекке келээри менен эле кыйынчылык туулбай, гезит чыгып турган эмес. Бул тууралуу редакциянын “Назар салынсын” деген баш макаласында мындай деп жазылган: “…үч айдын ичинде беш номурун аран чыгарып, 1925-жылдын жаныбар айынын башында «Эркин Тоо» Пишпекке келди. Пишпекке биз келсек, телегейи тегиз даяр басмакана жок. «Ак жол», «Кызыл Өзбекстандын» чалдыбары чыгып, тамтыгы кеткен ариптери менен чыгарууга аргасыз кириштик” (“Эркин Тоо”, 1924-жыл, 15-декабрь).
Редакция Пишпек шаарына көчүп кеткенде Карасаев Ташкентте калып окуусун улантып, ал жактагы кыргыз балдар, кыздарга сабак берип, “Эркин Тоо” гезитинин атайын кабарчысы болуп иштеген.
Жыйырмага жакын тилде сүйлөгөн
Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Кара-Секи (азыркы Токтоян) айылында 1901-жылы, 5-январда туулган. Он жашында молдодон кат сабаты жоюлуп, 1914-жылы Караколдогу орус-тузем мектебинде билим алган. 1916-жылы “Үркүндө” жакындары менен Кытайга качкан. 1923-жылы Казак педагогика институтунун филология факультетине тапшырып окуган.
Карасаев Касым Тыныстанов менен жаңы алфавитке өтүү аракетин көрүп «Сабат ачкыч» деген китепчесин чыгарып, мугалимдер курстарын уюштуруп, аларга латын тамгасын үйрөткөн. Ал эми Эшенаалы Арабаев менен биргеликте чоңдор үчүн «Жаңылык» деген алиппе окуу китебин жазган. Ал эмгек кыргыз элинин 65 пайызынын сабатын ачкан. Андан сырткары Ысык-Көлдөн айтылуу манасчы Саякбай Каралаевди борборго чакыртып келип, эпосту жаздырган.
Көп жылдар бою мугалим болуп иштеп жүрүп, 1933-жылы «Туран» партиясынын мүчөсү деген жалаа менен камалып, үч айдан кийин боштондукка чыккан. Кийин жогорку окуу жайларда сабак өтүп, изилдөөчү окуу куралдарын жазып, бир нече сөздүктөрдү жарыкка чыгарган. 1950-жылы эл душманы делип партиядан чыгарылып, жумуштан айдалат. 1956-жылы кайра партиялык билетин алып, Кыргыз мамлекеттик университетинде иштеп бир топ күчтүү шакирттерди тарбиялаган. Ал арада Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин түрдүү сыйлык, наамдарына татыган.
Азыркы тил менен айтканда полиглот (көп тил билген адам) болгон, 16 түрк тилинде жана араб, фарси, немис тилдеринде эркин сүйлөгөн. Кыргыз стенографиясынын негиздөөчүсү Айша Карасаевага баш кошуп, Людмила, Галина, Алтынай деген үч кызды татыктуу тарбиялап чоңойтушкан. Залкар инсан өмүрүнүн акырына чейин илим менен алектенип жүрүп, 97 жашында көз жумган.
Айгерим Качкынбекова, “Кыргыз Туусу”