whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
23.03.2025
12.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларАймактарАк-Талаада "Үч алыш" ирригациялык каналы ашар жолу менен курулууда

Ак-Талаада «Үч алыш» ирригациялык каналы ашар жолу менен курулууда

Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылындагы «Үч-Алыш» ирригациялык каналы ашар жолу менен курула баштады.

Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, аталган каналдын курулушу союз учурунда башталып, бирок бүтпөй калган.

Белгиленгендей, узундугу 3,5 чакырымды түзгөн канал курулуп бүтсө, 350 гектар аянтка сугат суу берүү жакшырып, кошумча 150 гектар жер өздөштүрүлөт. Каналдын курулушунун жалпы сметалык баасы 19 млн. 220 миң сом болсо, ашар жолу менен 10 млн. 730 миң сомго куруу пландалууда.

Курулуштун керектүү материалдары Суу чарба башкармалыгынын капиталдык ремонттор үчүн чыгымдарынан каржыланды. Ал эми техника жана жумушчу күчү менен камсыздоо айыл өкмөтү тарабынан уюштурулду.

Учурда айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги Хово, экскаватор, жүктөгүч, бетон аралаштыргыч жана КамАЗ үлгүсүндөгү техникалар тартылган.

Мындан сырткары, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын каржылоосу менен 65 айыл тургуну акы төлөнгөн жумушка тартылып, курулуш ишинде көмөк көрсөтүп, каналды куруу иштерин күзгө чейин бүтүрүү пландалууда.

 

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар