Воскресенье, 29 декабря, 2024
-8.9 C
Бишкек

Азамат Омурзаков: “Курулуш тармагы иретке келип, ургаалдуу иштер жүрүүдө”

Жетекчинин өмүр таржымалынан

Талас облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Азамат Омурзаков 1985-жылы 30-апрелде төрөлгөн. Учурда үй-бүлөлүү: 1 уул, 4 кыздын атасы. Бишкектеги А.Токтоналиев атындагы финансы-экономикалык техникумун 2004-жылы, жана Социалдык өнүгүү жана ишкердүүлүк институтун 2011-жылы аяктаган. Азамат Омурзаков бир катар жооптуу кызматтарды аркалап келген. Эмгек жолун 2005-жылы Бишкек шаарынын мэриясында үй-бүлө, балдар жана жаштар иштери боюнча бөлүмүндө жетектөөчү адис болуп эмгектенүү менен баштаган. 2006-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын Бишкек шаардык жер комитетинде жетектөөчү адис, 2007-жылы ААК «Кыргызайыл техникалык лизингдик сервис компаниясында» башкы бухгалтер, 2008-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгында жетектөөчү адис, 2019-жылы Бишкек шаарынын мэриясында капиталдык курулуш башкармалыктын жетекчиси кызматтарында эмгектенип келген. 2022-жылдын декабрь айынан баштап Талас облустук капиталдык курулуш башкармалыгына жетекчи болуп дайындалып, ушул күнгө чейин өз ишин мыкты алып барууда. А.Омурзаковдун жетекчилигинде Талас өрөөнүндө курулуш тармагында алгылыктуу иштер жасалып, социалдык объектилер курулуп, капиталдык оңдоп-түзөөлөр берилген планда аткарылып жатат.

Кесипкөйлүк, жамааттагы ынтымак – башкы критерий

Ал эми Талас облустук капиталдык курулуш башкармалыгы Талас облусунда курулуп жаткан мамлекеттик бюджеттен каржыланган объектилердин сапаттуу курулушуна көзөмөл жүргүзүп келет. Аталган объектилердин көбү социалдык тармактагы объектилер. Бул объектилердин курулушунда, башкармалыктын кесипкөй кызматкерлери башынан аягына чейин жоопкерчиликтүү, билгиликтүү көзөмөл иштерин жүргүзүп келүүдө. Курулуш иштерин жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, курулуш эрежелери жана нормалары топтомунун (СНиП), долбоорлордун жана келишимдердин талаптарынын так жана мөөнөтүндө аткарылышына кызматкерлер тарабынан көзөмөл жүргүзүлөт. Башкармалыктын кызматкерлери райондук, облустук, республикалык деңгээлдеги, Мамлекеттик курулуш агенттигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин сыйлыктарынын ээлери. Талас облустук капиталдык курулуш башкармалыгында 19 кесипкөй адис эмгектенет. Жамааттын 80%ы жаштардан турат. Башкармалыктын улуу муун адистери жаш адистерди тарбиялап, билими жана тажрыйбасы менен бөлүшүп, жамаат  бүгүнкү күндө биргеликте, ынтымакта Талас облусунун курулуш тармагында өз ишин жакшы деңгээлде алып барууда.

Өткөн жылы жети мектеп өз мөөнөтүндө сапаттуу бүткөрүлүп пайдаланууга берилди

2023-жылы Республикалык бюджеттин эсебинен “Капиталдык салымдар”  беренесинин негизинде 336 414 900 сом акча каражаты каралып, 333 624 100 сом акча каражаты келип түшкөн. 343 005 347 сомго курулуш-монтаждоо иштери аткарылган. Талас облустук капиталдык курулуш башкармалыгына Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын тапшырмасын аткарууда өлкө боюнча 2023-жылдын аягына чейин 100 мектепти бүткөрүү пландалган. Бул тизмеде Талас облусу боюнча 7 мектеп объектисин пайдаланууга берүү пландалган. Аталган мектеп объектилери өз убагында тапшырылган:

  1. Талас облусунун Талас районуна караштуу Калба айыл өкмөтүнүн Бал-Бал айылындагы 192 окуучулук орундуу мектеп;
  2. Талас облусунун Манас районуна караштуу Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн Үч-Коргон айылындагы 150 окуучулук орундуу Г.Малаев атындагы мектеп;
  3. Талас облусунун Талас районуна караштуу Арал айыл өкмөтүнүн Арал айылындагы К.Нанаев атындагы 450 окуучулук орундуу мектеп;
  4. Талас облусунун Талас районуна караштуу Нуржанов айыл өкмөтүнүн Көк-Токой айылындагы Ш.Шеркулов атындагы 275 окуучулук орундуу мектеп;
  5. Талас облусунун Айтматов районуна караштуу Аманбаев айыл өкмөтүнүн Ак-Жар айылындагы А. Калыбаев атындагы 225 окуучулук орундуу мектеп;
  6. Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Оро айыл өкмөтүнүн Кыргызстан айылындагы Тойчубеков атындагы 375 окуучулук орундуу мектеп;
  7. Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Шадыкан айыл өкмөтүнүн Ынтымак айылындагы Капалов атындагы 375 окуучулук орундуу мектеп.

Талас облусунда 2024-жылы социалдык багыттагы 49 объект такталган. Анын ичинен, 2 курулуш объектиси, 24 капиталдык курулуш объектилери, 5 таза суу, 6 капиталдык оңдоо-түзөө объектилери жана 14 объект долбоорлоо объектилери болуп саналат. Ал эми “Капиталдык салымдар” беренесинин негизинде 2024-жылдын планында
150 292 200 сом акча каражаты каралып, 97 294 100 сом акча каражаты каржыланып, жыл аягына чейин 17 объектти пайдаланууга тапшыруу пландаштырылган. Алсак, 10 капиталдык курулуш объектилери:

2024-жылкы бүткөрүлүүчү бараандуу иштер

  1. Айтматов районуна караштуу Чолпонбай айыл өкмөтүнүн Чымкент айылындагы 140 орундуу бала-бакча;
  2. Талас облусунун Айтматов районуна караштуу Бейшеке айыл өкмөтүнүн Кара-Суу айылындагы 225 окуучулук орундуу мектеп;
  3. Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Бакай-Ата айылындагы Бердике уулу Нарикбай атындагы 275 окуучулук орундуу мектеп;
  4. Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Миң-Булак айыл өкмөтүнүн Миң-Булак айылындагы Д.Батырбашиев атындагы 375 окуучулук орундуу Чалдыбар мектеп-гимназия;
  5. Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Кең-Арал айылындагы спорткомплекс;
  6. Талас облусунун Бакай-Ата райо­нуна караштуу Ак-Дөбө айылындагы К.Байтереков атындагы спорткомплекс;
  7. Талас облусунун Бакай-Ата районунун Май айылындагы Т.Чолушев атындагы мектеп;
  8. Талас облусунун Манас районуна караштуу Май айылындагы Б.Узенов атындагы 150 окуучулук орундуу мектеп;
  9. Талас облусунун Талас районуна караштуу Өмүралиев айыл өкмөтүнүн Ак-Сай айылындагы Жанузаков атындагы 192 окуучулук орундуу мектеп;
  10. Талас облусунун Талас районуна  караштуу Ак-Жар айылындагы  Султанбеков атындагы  мектепке 150 окуучулук орундуу кошумча корпус.

Оңдоп-түзөө объектилери:

  1. Талас облусунун Айтматов районунун Кызыл-Адыр айылындагы Стадионная (Луговая) көчөсүнүн №17 дарегиндеги борбордук стадионун реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо;
  2. Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Кең-Арал айылындагы А.Арыстанов атындагы мектепти оңдоп-түзөө;
  3. Талас облусунун Бакай-Ата райо-нуна караштуу Өзгөрүш айылындагы У.Акынбеков атындагы мектепти ондоп түзөө;
  4. Талас облусунун Бакай-Ата райо-нунун Акназаров айылдык аймагына караштуу Кызыл-Октябрь айылындагы Султанаалы у. Кушубак атындыгы мектепти оңдоп-түзөө;
  5. Талас облусунун Талас шаарындагы №5 орто мектебин капиталдык оңдоп-
    түзөө;

Таза суу объектилери:

  1. Талас облусунун Айтматов районуна караштуу Кара-Буура айыл өкмөтүнүн Чоң-Кара-Буура айылына таза суу тартып келүүчү суу түтүктөрү ;
  2. Талас облусунун Айтматов районуна караштуу Аманбаев айыл өкмөтүнүн Аманбаев айылындагы ичүүчү суу системасын реабилитациялоо;
  3. Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн Өзгөрүш айылындагы ичүүчү таза суу системасы;

Акча каражаты толук каралып, убагында каржыланса, берилген тапшырмалар убагында бүткөрүлүп, пландын негизинде пайдаланууга берилет.

“Чыңгыз-Ордо” комплексиндеги абал кандай?

Ошондой эле эң маанилүү объектердин бири,  Чыңгыз Айтматов (кыргыз жана орус тилдеринде жазган советтик жана пост-советтик жазуучусу, Кыргыз эл жазуучусу, Социалисттик Эмгектин Баатыры, Кыргыз Республикасынын Баатырынын ысымы ыйгарылган “Чынгыз-Ордо” комплекси. Талас облусунун Айтматов районуна караштуу Шекер айыл өкмөтүнүн Шекер айылындагы “Чыңгыз Ордо” тарыхый-маданият мемориалдык  комплексинин курулушу 2018-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Долбоордук-сметалык документациясы “Арх-азия проект строй” ЖЧКсы тарабынан даярдалган. Сметалык наркы 68 970 509 сом, тендердик баасы жалпы чыгымдары менен 62 073 092 миң сомду түзөт.

Эстеликтин бийиктиги – 4 метр

Стелла китебинин  бийиктиги –- 25 метр,

Курулуш иштери “Бийиктик – Инвест” ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүүдө.

2024-жылдын планында  5000 000 сом каралган.

Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракесине карата тарыхый маданий комплексин куруу иштери бекитилген графикке ылайык жүрүп жатат.

Козубек Иманкулов, “Кыргыз Туусу”

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар