Асмандагы ак булуттай суурулуп,
Алкынчу элең Аккуладай буулугуп.
Туяк тийген жол боюнда кара таш,
Калуучу эле камыр болуп жуурулуп.
Күркүрөшсөң, күчүң теңдеш пил менен,
Алышканда, алдырбаган миң менен.
Чаалыкпаган чаң жукпастын өзү элең,
Чалгуйрукча чарчаганды билбеген.
Туяктуудан тулпар элең, Касымым,
Туркестанда теңдеши жок асылым.
Чуу чыкканда, шайбырлана баш чайкап,
Барган сайын күчөп чыкчу басыгың.
(Зияш Бектенов, “Замандаш-
тарым жөнүндө эскерүү”)
Кыргыз жазма адабиятына негиз салып, “булак көзүн ачкан” алгачкы тилчи-окумуштуу, туңгуч профессор, акын-жазуучу, эң башкысы кыргыздын мекенчил, намыскөй уулу Касым Тыныстанов тууралуу айта берсек сөз түгөнбөйт. Бул макалада К.Тыныстановдун туңгуч басылмабыз “Эркин Тоо” гезити менен байланышкан өмүр сүртүмдөрү тууралуу сөз кылабыз.
“Газета менен дайыма байланышкам жана байланышам”
Касым Тыныстанов Ташкенттеги казак-кыргыз эл агартуу институтунда окугандыктан, алгачкы ырларын казак тилинде жазган. Анын үстүнө ал кезде кыргыз тилиндеги басылмабыз болбогондуктан, ырларын Ташкент жана Алмата шаарларында казак-татар тилдеринде чыгып турган “Ак-Жол”, “Тилши”, “Өрүш” аттуу гезиттерге жарыялаган. Ырларынын аягына “Кыт” деген псевдоним менен кол койгон. Негизи эле кыргыз акын-жазуучуларынын ичинен эң биринчилерден болуп лакап ат колдонгондордун бири Касым Тыныстанов болгон. Ал Ташкентте чыгып турган “Жаш кайрат” журналынын 1924-жылдагы алгачкы сандарына чыккан “Мариям менен көл боюнда” аттуу аңгемесин “Келгин” деген лакап ат менен жарыялаган. Ал эми “Эркин Тоо” гезитине чыккан ыр, аңгеме, макалаларын “К.Т” же “Келгин” деген ат менен жазганын көрүүгө болот.
К.Тыныстанов 1925-жылдын июлунан октябрга чейин “Эркин Тоо” гезитинин редактору болот. Ал бул тууралуу: “Эркин Тоо” газетасын 1925-жылдын 29-июлунан 25-октябрына чейин редакторлодум. Агитпропуюштуруучунун жана профжа-мааттар боюнча уполномочендин милдеттерин аткардым. Газета менен дайыма байланышкам жана байланышам, иштерине катышам”, – деп жазган эскерүүсү бар.
Туташ сабатсыздык менен күрөшүүсү
Бүткүл Россиялык эл каттоонун маалыматы боюнча 1920-жылдары кыргыздардын 4,6%ы гана жазганды жана окуганды билген. Анын ичинен 0,8%ын аялдар түзгөн. Ошондуктан, алгачкы кыргыз интеллигент өкүлдөрү гезит чыгаруудан мурун калктын туташ сабатсыздыгы менен күрөшүүсү зарыл эле. Ал үчүн баарынан мурда калыпка салынган окуу китеп керек болчу. Бул жаатта 23 жаштагы Касым ат көтөргүс иш жасаган.
1924-жылы январда Түркстан республикасынын советинин XII съезди болот. Анда эл агартуу комиссариатынын доклады боюнча советтик окуу китептери жана адабияты таптакыр элдер үчүн окуу китептерин жана окуу куралдарын ошол элдин тилинде басып чыгаруу токтому кабыл алынат. Анын негизинде кыргыздын башталгыч мектептеринин окуучуларына арнап Касым Тыныстанов туңгуч “Окуу китебин” жазат.
Китептин баш сөзүндө: “Бул китепти жаш балдар үчүн арнап жазган болдук. Жаш балага арнап китеп жазуу үчүн, көп устаттык көп-көп тажрыйбалар керек… Ал шарттардын баарын орундадык деп айта албайбыз. Биринчи себеп – бизде билим толук эмес, окутуучулук кылып, балдар ичине аралашкан эмеспиз. Бизде тажрыйба жок. Экинчиден – бизде мурунтан жолго коюлган адабият жок. Канчалык калк адабиятына байбыз десек да, алар иштелбеген, балдарга эптүүсүн табуу кыйын болду… Үчүнчү себеп – бул китептин ашыгычтык менен жазылгандыгы. Өзүбүздүн чабалдыгыбызды айтып отурсак да, бул китепти бир ай ичинде даяр кылдык. “Баарын айт да, бирин айт” – дегендей, бул китеп зарылдык кыскандыгынан улам жазылып олтурат. Айтор, “Жоктон бар артык” – дегенди эске алып, куру алакан отурган мектебибизди соорото туралы дедик. “Көч жүрө, жүрө түзөлөт” – деген. Биз дагы жүрө, жүрө китеп-куралдарыбызды дурустап кетербиз. Ар бир жолдош: “Ат болгончо, – аяк ылоо” – дегенди эске тутса болгону”, – деп жазган.
(З.Бектеновдун “Замандаштарым жөнүндө эскерүү” китебинен).
Анын бул эмгеги атактуу педагог Ушинскийдин бир кездеги кыска-кыска тамсилдер, таалим-тарбия берүүчү мазмундуу, жер дүңгүрөткөн “Родное словасынан” кем калышпаган эң сонун түзүлгөн окуу китеп болгонун замандаштары эскерет.
Латын алфавитине өткөрүүнүн демилгечиси
1924-жылы Кыргыз автономиялуу облусу түзүлгөндөн кийин кыргыз тилинин тыбыштык өзгөчөлүгүнө ылыйык араб алфавитине айрым өзгөртүүлөр киргизилип, кээ бир артык баш тамгалар чыгарылган. Кыргыздар колдонгон араб алфавити 24 тамгадан түзүлүп, ага кошумча үч тамганын ордуна кыбачы (v – ичкертүү белгиси) белгиси коюлган. “Эркин Тоо” гезити да дал ушул араб тамгалары менен кыргызча басылып чыккан. Бирок, араб алфавити кыргыз тилинин тыбыштык өзгөчөлүгүн толук канааттандыра алган эмес. Ошондуктан, латын арибине өтүү мезгил талабы болгон.
Кыргыз жазуусун араб тамгасынан латын тамгасына өткөрүүнү биринчилерден болуп К.Тыныстанов демилгелеген. 1925-жылы июнь айында Кыргызстан мугалимдеринин биринчи съезди болот. Анда кыргыз тилинин жазуусу жана араб тамгасын калтырып, латын тамгасына өтүү жөнүндө Касым Тыныстанов доклад жасаган. Анда элдин сабатсыздыгын тез жоюуда, маданияттын ылдам көтөрүлүшүндө, типографияда арип терүүдө араб тамгасына караганда латын тамгасы төрт эсе жеңилдик кылары жөнүндө айткан. Ал эми “Эркин Тоо” гезитине жарыялаган “Латын тамгасын эмне үчүн алабыз?” аттуу көлөмдүү макаласында латын алфавитине өтүүнүн маанисин төмөндөгүчө түшүндүргөн: “Ар бир окуучу жакшы түшүнүүлөрү керек. Латын тамгасын алгандагы максатыбыз күн чыгыштын ак селделүү кожо-молдосун жок кылуу үчүн эмес, жеңил жол менен адабиятыбызды, маданиятыбызды жасоо, латын тамгасын алып, латын же француз болуп кетүү эмес, максатыбыз солдон оңго жазып, маданияттуу элдерди тууроо эмес, биздин максатыбыз: жеңил, төтө жол менен улут адабиятыбызды, улут маданиятыбызды топтоп, ошол аркылуу, ошолордун техникасындай техникалуу болуу” (“Эркин Тоо”гезити, 1925-жыл, 20-июнь №29).
Съездде долбоору кабыл алынбай
Латын алфавитинин долбоорун К.Тыныстанов К. Карасаев менен бирге түзгөн. Бул тууралуу К.Карасаев “Өткөндү эске түшүрүп…” аттуу макаласында жазган. Анда, Касым Ташкентке келип Карасаевге жолугуп, Бакуда боло турчу “Борбордук Жаңы алиппе комитетинин” латын тамгасынын негизиндеги талкууга делегат болуп баруусун сунуштайт. Андан соң экөөлөп латынча кыргыз алиппесинин долбоорун түзүшөт. “Бардык болгону 24 тамга ала турган болдук. Латын тамгасынын жазуу түрүн гана алмак болдук. Баш (чоң) тамганын кереги жок дедик. Эгер баш тамганы ала турган болсок, араб тамгасы сыяктуу эле бир тамга эки-үч түрлүү болуп калат. Ошондуктан жазма түрүн гана алууну сунуш кыла турган болдук”, – деп жазат К.Карасаев (“Ысык-Көл правдасы” гезити, 1988-жыл 28-июль).
Тилекке каршы, аталган съездде К.Тыныстановдун түзгөн долбоору кабыл алынбай калат. Ошол Касым түзгөн 24 тамгадан жана кыбачыдан турган алфавити “Эркин Тоо” гезитинин 1925-жылдагы 29-июндагы санына жарыяланган.
Яналифтин жаралуусундагы салымы
1926-жылы мартта Баку шаарында өткөн Бүткүл союздук биринчи Түркологиялык К.Тыныстанов латын алфавитине өтүү жөнүндө “Жаңы алфавитти түзүүнүн негизги принциптери” деген темада доклад жасаган. Анда СССРдин курамындагы түрк элдери бири-биринин адабияты менен маданиятынан үлгү алгандыктан, жаңыдан кабыл алына турган латын алфавитинин тамгалары бардык түрк элдеринде бирдей болушу керек деген демилге көтөргөн. Анын бул сунушу колдоого алынып, Баку шаарында Жаңы түрк алфавитинин борбордук комитети түзүлгөн. Советтик түрк тилдүүлөрдүн латын арибин Татарстанда түзүшкөндүктөн, алфавиттин аталышы “яналиф” деп татарча аталып калган. Яналиф (яңа əлифба) – “жаңы алфавит” дегенди түшүндүргөн.
1926-жылдын акырында Кыргызстанда жаңы алфавит комитети түзүлүп, анын председатели болуп Абдыкадыр Орозбеков, орун басарлыкка К.Тыныстанов дайындалган. 1927-жылдын декабрь айында жаңы алфавит өкмөт тарабынан мамлекеттик алфавит катары бекитилген. Ушул убакыттан тартып, “Эркин Тоонун” беттеринен латын тамгасы менен жазылган айрым макалаларды кезиктирүүгө болот. Ал эми 1940-жылдары шарт-ыңгайга жараша элдин сабаты тезирээк ачылып, өнүгүп-өсүшү үчүн латын алфавитинен кириллицага өтүүгө чакырык салган да К.Тыныстанов болгон.
“Жаңы маданият жолунда” журналынын түптөөчүсү
1926-жылдары кыргыз элинде эч кандай адабий жана саясий журнал болгон эмес. Бирок, ошол кезде калктын сабатсыздыгы менен күрөшүп жаткан жаш мугалимдер педагогикалык журналга, ал эми акын-жазуу-чулар көркөм адабий журналга муктаж эле. Андай журналды чыгарууга каржы жактан республиканын мүмкүнчүлүгү чектелген болчу. Ошондо К.Тыныстанов менен Т.Айтматов кыргыз интеллигенттеринен акча чогултушуп, ар кимге кайрылып жүрүшүп, 1928-жылы майда “Жаңы маданият жолунда” журналын чыгарышат. Анын жооптуу редактору К.Тыныстанов болгон.
1934-жылы майда Фрунзе шаарында мугалимдердин жана илимий кызматкерлердин кеңешмеси болот. Анда К. Тыныстанов кыргыз адабий тилинин жаңы орфографиясынын долбоору жөнүндө жасаган доклады жактырылып, анын сунуш кылган долбоору бекитилет. Ошондо бекитилген кыргыз орфографиясынын принциби негизинен бүгүнкү күнгө чейин адабий тилибизде колдонулуп келе жатканы маалым. Андан сырткары К.Тыныстанов кыргыз тилин калыптандыруу, кыргыз тилинин терминологиялык сөздүгүн түзүү, кыргыз тилине фамилия, отчествону киргизүү, музей уюштуруу демилгеси, “Манас” эпосун орус тилине которуу ж.б. көптөгөн алгылыктуу иштерди жасап кеткен.
Айгерим Качкынбекова, “Кыргыз Туусу”