Суббота, 28 декабря, 2024
-8.9 C
Бишкек

Кайтарылган 2,5 гектардан улам эске түшкөн эски мектеп

Акыркы 10-15 жылда Жал кичи районунун аймагындагы ар бир квадрат метрдин баасы алтынга тете бааланган маалда Түштүк Магистраль менен Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишине жакын, “Үстүңкү Жалда”,  курулуш транспортторунун токтоочу жайына айланган дубал менен курчалган “квадрат” дубал менен курчалып, көзгө далдоо жайга айланганына бери дегенде 20 жылдын жүзү болуп калган.

Жакында мына ушул “баасы 1 миллиард сомдон ашуун Бишкек шаарынын Тыналиев көчөсүндөгү 2,5 гектар жер аянты мамлекетке кайтарылды”. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Айтымда, УКМК тарабынан Бишкек шаарынын аймагындагы муниципалдык жер тилкелерин кызмат адамдары тарабынан мыйзамсыз берүү фактыларын аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан максаттуу иштердин жүрүшүндө козголгон кылмыш ишинин алкагында муниципалдык жер участогун төмөндөтүлгөн нарк боюнча сатып алуу жана алдын ала макулдашуу боюнча жеке менчикке чыгаруу фактысы аныкталып, “жер тилкенин ээси аталган участокту мамлекеттин балансына өз ыктыяры менен акысыз өткөрүп бериптир”.

Көрсө, бул 2,5 гектар жер тилкеси оболу орто мектепти долбоорлоо жана куруу үчүн убактылуу пайдаланууга берилиптир да, кийин жер тилкесинин баштапкы багыты соода борбору бар көп кабаттуу турак жай комплексин куруу болуп өзгөртүлүп, Бишкек шаардык мэриясынын кызматкерлери 2011-жылы аукцион аркылуу 340 миң долларга жеке менчикке уруп ийишиптир. Арийне, ошондо эле аталган участоктун ошол кездеги иш жүзүндөгү базар баасы 2 миллион долларды түзгөн экен.

УКМКнын мына ушундай коомчулуктун колдоосуна ээ болгон иш-аракеттеринен улам , мындан көп алыс эмес, Түштүк Магистраль менен Ж.Шералиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги, Арча-Бешик конушундагы эски мектеп тууралуу айткыбыз келет. Эски дегенибиз менен, ал Арча-Бешик конушу түшкөн мезгилде, 1995-2000-жылдарда курулган, бышкан кыштан салынган, сөөгү бекем мектеп эле. 2005-жылдардан кийин Арча-Бешикте №79 мектеп ачылып, эски мектеп жабылды.

Биз Арча-Бешик конушунун тургундары аталган конушта 36-40 миңдин айланасында киши жашарын, тилекке каршы, бала бакча жок экенин айтып, Бишкек мэриясынан эски мектептин ордуна муниципалдык бала бакча ачуусун сурандык. Тилекке каршы, мэриядан бизди уккан киши болбоду. Мэрия бала бакча ачуунун ордуна эски мектепке милиция бөлүмүн ачышты. Ага деле мейли эле, кейиштүүсү, эски мектептин территориясын четинен кескилеп, өзүмдүк үй куруу үчүн участок кылып сатып ийишти окшойт. Эски мектептин спорт аянтчасы болгон жерлерге бат эле эки кабат үйлөр түштү. Анда да мыйзам бузуулар милициянын мурдунун астында болуп жатканын айтканбыз.

Учурда эски мектеп бош турат. Сыягы, ГОМ башка жакка көчкөн окшойт. Эски мектептин имараты кантсе да көзгө жылуу көрүнөт. Ал жерге муниципалдык бала бакча ачууга азыр деле кеч эмес. Себеби, ушул күнгө чейин Арча-Бешик конушуна муниципалдык бала бакча курула элек жана муниципалдык бала бакча куруу үчүн бош жер тилкеси да жок. Андыктан, мындан 15-20 жылда эски мектептин бошогон имаратын бала бакчага берүүгө ыраа көрбөгөн мэрия эми да аны соода борбору же көп кабаттуу үй үчүн  соодалап ийбей, муниципалдык бала бакча ачса арчабешиктиктер үчүн жакшы болмок.

Же ушул иштерге да сөзсүз эле УКМК кийлигишип, арачы түшүш керекпи?

Айтурган ЖОЛДОШОВА, Бишкек шаары

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар