(Башталышы гезиттин № 39 санында)
Бул жолу тажрыйбалуу ветеринар аксакал Эрик ДУНГАНОВ КРнын Ветеринардык палатасынын кантип пайда болгонун жана ал эмне иш кыларын айтып берди. Аксакалдын айтымында, бул палатанын мыйзам чегинде күчтөнүшү кыргыз ветеринариясына эч кандай утуш алып келбейт.
Ветеринардык палатабы же финансылык палатабы?
– Ошентип 2014-жылы 30-декабрда кабыл алынган “Ветеринария жөнүндө” №175 мыйзамдын 23-статьясынын 1-пунктунда “Кыргыз Республикасынын Ветеринардык статуардык органы (Ветеринардык палата) – өзүн-өзү башкаруу принцибинде иш алып барган жана жеке ветеринардык дарыгерлер тарабынан профессионалдык этикалар нормаларынын сакталышын көзөмөлдөгөн коммерциялык эмес орган” деп жазылып турат. Тагыраак айтканда, мыйзамдын кабыл алынышы менен ветеринария системасында өкмөттүк эмес, ошол эле кезде эч кандай жоопкерчилиги жок, накта ветеринариядан алыс Ветеринардык палата пайда болгон. Палатанын түзүүчүлөрү анын уставын КРнын “Ветеринария жөнүндө” 30.12.2014-ж. №175, улам өзгөртүп (2-июль, 2015-жыл, №142, 24-май 2017-жыл, №89, 29-март 2019-жыл, №40 КРнын мыйзамдарынын редакциясында), кошумчалап отуруп Ветеринардык палатанын ыйгарым укуктарын мүмкүн болушунча кеңейткенге жетишишти. Алсак, “өзүн өзү башкаруу принцибинде иш алып барган” палатанын түзүүчүлөрү “өзүн өзү башкарып” 2015-жылы 10-январда 7 барактан турган палатанын уставын бекитишкен. Аталган уставдын 2.4-пунктунда Ветеринардык палатанын негизги максаты киреше табуу эмес экени жана ар кандай булактардан алынган каражаттар уставдык максаттарды ишке ашырууга жумшалып, палата түзүүчүлөрүнүн ортосунда бөлүштүрүлбөстүгү жазылган. Ошол эле мезгилде бул уставдын 3.2-пунктунда палатанын акча жана материалдык каражаттары чет өлкөлөрдүн мамлекеттик, мамлекеттик эмес уюмдарынын, жеке, юридикалык жактарынын ар кандай кредит, гранттарынын эсебинен түптөлөрү баса көрсөтүлгөн. Ошондой эле уставда: эпизоотияга каршы иш-чаралар, вакцинация, дезинфекция, диагностикалык лабораториялык текшерүүлөр, малдардын идентификациясы, ветеринардык экспертиза сыяктуу терминдер таптакыр жок, негедир анда финансылык-банктык терминдер: акча каражаттары, төлөм чогултуу, каражат тартуу, финансылык отчёт, валюта, келишимдер, кредит, грант сыяктуу сөздөр көп. Жок дегенде бул документте малдын кооптуу ылаңдары болгон: бруцеллёз, туберкулёз, шарп, сибирь жарасы деген элибизге белгилүү терминдердин бири да жок.
Ал эми палатанын кийинки 2018-жылы 25-январда кабыл алынган 9 барактан турган жаңы уставында деле ушундай көрүнүш. А 2021-жылы 9-мартта бекиген 11 барактан турган уставын барактап көрсөм, анда деле ветеринардык терминдер, ветеринардык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган статья, пункттар жокко эсе экен. Анан кантип бул палатаны коммерциялык эмес Ветеринардык палата деп атоо-го болот?!
Кой терисин жамынган палата
– Эске салсам, кезинде V Жогорку Кеңештин чакырылыштагы профилдик комитети Ветеринардык палатанын юридикалык ыйгарым укуктарын кеңейтүүгө каршы болгон. Буга профилдик комитеттин “Ветеринария жөнүндө” мыйзамы тууралуу жазылган маалымдамасында (15.10.2014-ж. №-24874/1): “Ветеринардык палатага, мамлекеттик мекемелерге тиешелүү каттоо-уруксат берүү функцияларын ыйгаруу Кыргыз Республикасынын чарбакер ишкерлик принциптерине карама каршылык жаратып, палата өзгөчө коррупциялык мамлекеттик эмес мекеме болуп калышы мүмкүн” деп так кесе көрсөтүлгөн. Тилекке каршы, жогоруда айтканымдай, депутаттардын кворуму жок добуш берүүлөр менен аталган мыйзам өтүп кеткен. Албетте, палатаны коррупциялык мекеме деп айткандан алысмын, бирок, бул Ветеринардык палатаны жамынып ветеринария системасына көлөкө түшүргөн коммерциялык структура пайда болгону анык.
Палатанын 17.03.2021-жылдагы жаңы уставынын 4.13-пунк-тунда Ветеринардык Кеңештин компетенциясына:
– Ветеринардык палатанын жылдык финансы-чарбалык отчётторун кароо жана бекитүү;
– Ветеринардык палатанын жылдык бюджетин бекитүү, ревизиялык комиссиянын жана көз карандысыз аудитордун жоболорун бекитүү;
– Ветеринардык палатанын реестрин жүргүзүү жана каттоо, кайра каттоо кызматтарынын прейскуранттарын бекитүү сыяктуу жалаң финансылык маселелерге байланыштуу ыйгарым укуктар тизмектелип жатат. Ошол эле кезде бул уставда ветеринардык отчёт тууралуу бир-эки ооз сөз жок. Демек, кезинде айрым депутаттардын “сокур ичеги” палатанын пайда болушуна каршы чыгышы абдан негиздүү болгон.
Өзүнө хан, өзүнө бий
– Уставдын кийинки 4.25.- пунктунда аткаруучу директор “банктарда банктык эсептерди жана башка эсептерди ачат”, “Ветеринардык палатанын бардык жалданма кызматкерлерине милдеттүү болгон буйруктарды чыгарып, көрсөтмөлөрдү берет” деп жазылган. Ал эми 5.1.-пунктунда “ревизиялык комиссия же болбосо көз карандысыз аудитор палатанын финансы-чарбалык ишмердүүлүгүнө аудит жүргүзөт” деп жазылса, 5.2.-пунктунда “үч адамдан кем эмес ревизиялык комиссия Ветеринардык Кеңештин мүчөлөрүнөн үч жылдык мөөнөткө дайындалат же болбосо конкурстук негизде үч жылдык мөөнөткө көз карандысыз аудиторду жалдайт” деп турат. 5.3.-пунктунда “Ревизиялык комиссия же көз карандысыз аудитор ветеринардык палатанын жылдык балансына жана финансы-чарбалык ишмердүүлүгүнө аудит жүргүзүп отчётун ветеринардык кеңешке тапшырат” деп көрсөтүлгөн. Ошондо (уставдын 4.25 пунктуна ылайык) аткаруучу директор түзүүчүлөрдүн жалпы жыйынынын жана Ветеринардык Кеңештин чечимин аткарууну камсыз кылса, а жалданма көз карандысыз аудитор палатанын бардык жалданма кызматкери катары аткаруучу директордун чыгарган буйрук, көрсөтмөлөрүн кынтыксыз аткарууга тийиш болуп калат. Жалпак тил менен айтканда, палата өзүн өзү текшерип, текшерүүнүн отчётун кайра эле өзүнө тапшырат экен. А эмнеге палата Министрлер Кабинетинин астындагы Эсептөө палатасынан аудит чакырса болбойт деген суроо туулат. Себеби, ушул эле уставдын 1.2.- пунктунда “Ветеринардык палата өз ишмердүүлүгүн КРнын Конституциясына, мамлекеттин нормативдик укуктук актыларына жана Кыргызстан кошулган эл аралык макулдашууларга ылайык жүргүзөт” деп жазылып турат. Бул пункттардан көрүнүп тургандай, Ветеринардык палата өз казанында өзү кайнап, өзүнө өзү текшерүү жүргүзүп, өзүнө кайра өзү отчёт бергенден башка иш кылбайт. Башкача айтканда, палата өз уставында жазылгандай (1.1.- пункт) “өлкөдөгү жеке ветеринардык практиканы жөнгө салбай” эле, кайдагы бир тренинг, симпозиумдарды өткөрүү, көз карандысыз аудиторлорду шайлоо, Ветеринардык палатанын реестрин түзүү, палатанын башкаруу органдарынын иштерин “жөнгө салуу” жана башкалар менен алек.
ЭЭБдин талабы эмес болчу
– Ток этерин айтсам, Ветеринардык палатаны “Ветеринария жөнүндө” мыйзамга киргизип жатканда (2014-жыл, апрель) Мамлекеттик санитардык ветеринардык инспекциянын жетекчи кызматкерлери палатанын мыйзамга киргизилиши Эл аралык эпизоотикалык бюронун талабы деп адаштырып, депутаттарды көндүргөн. А чын-чынына келгенде Жогорку Кеңеш тарабынан Ветеринардык палатанын мыйзамдуу статуардык орган катары кабыл алынышы (2014-ж.) Эл аралык эпизоотиялык бюронун (ЭЭБ) талабы эмес болчу. ЭЭБдин негизги документи – “Жер жаныбарларынын санитардык кодекси”. Кодексте көрсөтүлгөн чаралар рекомендациялык мүнөздө гана болот. Ал документте Ветеринардык палата сөзсүз түрдө түзүлсүн деген милдеттеме жок. Анын үстүнө мамлекеттердин ички ветеринардык структурасынын түзүлүшүнө ЭЭБдин эч кандай тиешеси да, укугу да жок.
Укугу көп, милдети, жоопкерчилиги аз
– Кайрадан Ветеринардык палатанын 25.01.2018-жылдагы жана 17. 03.2021-жылдары бекитилген уставдарына үңүлсөк, документтердин 1.2.-пунктунда: “Ветеринардык палата өз ишмердүүлүгүн КРнын Конституциясынын, мамлекеттин нормативдик укуктук актыларынын жана ушул уставдын негизинде жүргүзөт” – деп жазылган. А эмнеге бул жерде бир кезде өтө чоң далалат, аракеттер менен өткөрүлгөн “Ветеринария жөнүндө” (30.12.2014) мыйзамына шилтеме жасалган эмес? Себеби, ал мыйзам Ветеринардык палатанын уставын толук жокко чыгарып, кызыкдар адамдарга толук кандуу эркиндикти берип, амбициялык максаттарына жетүүгө мүмкүнчүлүк бербей коёт. Ошол себептен 2015-жылкы уставдын 2.1.-пунк-туна алдын ала “Ветеринардык палатанын максаты жеке ветеринардык тажрыйбаны жөнгө салуу” деп өздөрүнчө пункт киргизип алышкан.
Белгилей кетүүчү дагы бир факт–25.01.2018-ж. уставдын 8.1.-пунктунда “Ветеринардык палатанын кызматтык жактары Кыргыз Республикасынын мыйзамынын негизинде жоопкерчиликке тартылат” деп жазылган эле. А 17.03.2021-жылдагы уставда ал таптакыр түбү менен жоголуптур. Демек, палата жылдан жылга уставды өзгөртүү менен ыйгарым укуктарын кеңейтип, ошол эле кезде жоопкерчиликтен четтөөгө багыт алганы ачык эле көрүнүп турат. Өкүнүчтүүсү, Ветеринардык палата өткөзгөн семинарлар, конференциялар, симпозиумдар, көргөзмөлөр, жарманкелер элге бул мекеме ветеринардык багытта тынымсыз иш жүргүзүп жатканындай таасир калтырып келе жатат.
Ток этерин айтканда
– Акырында айтаарым, ушул тапта накта ветеринардык нукта жумуш алып бара турган, заманга ылайык ветеринардык жеке адистердин ассоциациясы, кеңештери, уюмдары сыяктуу ачык, таза ветеринардык жумуштарды жүргүзгөн жана атаандаштык жарата турган жеке бирикмелер болушу керек. Бирок, алардын жүргүзүп жаткан иштерине 2014-жылкы мыйзамдын негизинде пайда болгон, өкмөттүн токтому менен ыйгарым укуктарын бекитип алган монополист Ветеринардык палата турганда чыныгы, ачык, атаандаштык жарата тургандай иш жүргүзүү башкаларга кыйынга туруп калды.
Дагы белгилей кетсек, ар бир документ, Конституциялык мыйзам, токтомдор, кодекстер, уставдар улам жаңы кабыл алынганда мурдагы чыккан документтер күчүн жоготкону жазылат. Ветеринардык палатанын уставдары күчүн жоготпой эле улам кийинкиси мурдагысын толуктап, күчтөнүп баратат.
Мелис Совет уулу, «Кыргыз Туусу»
Вет палата ветеринардык тил менен айтканда. Паразит.болду.жеке менчик ветеринарлардын эсебинен жан багат. Вет палатанын кенеши Маматкуловдун дежурный адамдарынан тузулот жана алар Польшага жана башка эс алууга барышат Убакыт келет алар кусушат.