whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
15.05.2025
32.5 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомБиримдиктен өткөн байлык жок

Биримдиктен өткөн байлык жок

12-июнда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов Президентке караштуу Улуттук биримдикти жана диний саясатты чыңдоо боюнча эксперттик кеңештин жыйынын өткөрдү.

Күн тартибинде өлкөдөгү диний жана этностор аралык кырдаалдын актуалдуу маселелери, “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” мыйзамдын долбоору каралды.

Мамлекеттик катчы өз сөзүндө чет элдик студенттерге байланыштуу окуяларга, диний идеологиянын негизинде мамлекеттик символикага акаарат келтирүүгө, социалдык тармактарда динге негизделген риторикаларга басым жасады.

С.Касмамбетов белгилегендей, улуттар аралык ынтымакты чыңдоо жана диндер аралык толеранттуулукту арттыруу максатында Президенттин «2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз Жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясы жөнүндө” жана “2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы жөнүндө” тиешелүү жарлыктары менен кабыл алынган концептуалдык документтерде белгиленген милдеттерди натыйжалуу ишке ашыруу зарыл.

Мамлекеттик катчы ошондой эле Президенттин кароосуна жөнөтүү жана андан ары чечимдерди кабыл алуу үчүн этностор аралык өнүгүү, улуттук биримдикти жана динди чыңдоо жаатында сунуштарды иштеп чыгуучу Эксперттик кеңештин маанилүү ролун баса белгиледи.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар