Жыл сайын жайкы консервациялоо мезгилинде өлкөдө кумшекер баасы жогорулары баарыбызга белгилүү. Кыргызстан калкы бир жылда жалпысынан 140 миң тоннанын тегерегинде кумшекер пайдаланса, анын 64,8 пайызы өзүбүздө өндүрүлгөн кумшекер менен жабылат. Сырттан импорттолгон кумшекердин басымдуу бөлүгүн Россия берет. Май айынын башында Россия өкмөтү кумшекер экспортун убактылуу токтотуу токтомун кабыл алса, кийинчерээк Казакстан да ушундай чечим кабыл алууну демилгелеп, бирок, негедир ал кабыл алынбай калды. Бул бизге кандай таасир этерин жана кумшекер өндүрүү тармагыбыздагы жагдайларды “Кошой” кумшекер заводунун директорлор кеңешинин төрагасы жана “Кайыңды-Кант” ААКсынын директорлор кеңешинин мүчөсү Алмазбек АЛТЫБАЕВ, “Кайыңды-Кант” ААКсынын сырье департаментинин жетекчиси Руслан РАФИБЕКОВ айтып беришти.
“Кумшекер быйыл кымбаттабайт”
Алмазбек Алтыбаевдин айтымында, Россия экспортко тыюу салган убакта Кыргызстан кампаларында 50 миң тоннадай, а импортёрлордо 30 миң тоннадай кумшекер болгон. Мындан сырткары, Мамлекеттик резерв фондунун кампаларында да ири өлчөмдөгү кумшекер кору бар. Ошондой эле Россиянын Кыргызстанга кумшекер берүү квотасы 28,5 миң тоннаны түзгөндүктөн быйыл кумшекер тартыштыгы, баанын өсүшү болбойт. “Биздин божомол боюнча күзгү түшүмгө чейин Кыргызстанга 70 миң тонна кумшекер керек болсо, бардык кумшекер кору менен квотаны кошкондо 105 миң тонна кумшекер болду. Демек кумшекерге болгон суроо талапка караганда рынокто сунушталып жаткан кумшекер алда канча көп. Андыктан, быйылкы консервациялоо убагында бул продуктыга болгон баа кескин жогорулабайт. Май айынан бери кумшекер баасы 0,3 пайызга гана жогорулады. Биздин божомолубузда июнь-июль айларында гана 10 пайызга чейин кымбатташы мүмкүн. Себеби, бул учурда өзүңүздөр билгендей консервациялоо сезону болгондуктан суроо-талап бир топ жогорулайт. Белгилей кетсем, азырынча биз Россиянын квотасынан 1 тонна да сатып ала элекпиз. Россия демекчи, экономикалык жактан пайдасыз болгондуктан Кыргызстан 2022-жылдан бери Россиядан тростник сырьёсун албай калган. Себеби сырьёну алып кайра иштеткенге караганда Кыргызстанга Россиянын даяр кумшекерин киргизүү арзан түшөт. Эгер быйыл Россияда түшүм жакшы болуп, кумшекер көп болсо экспорттук чектөө алынып, бизге көп кумшекер келет. Анда баалар дагы түшөт. Эгер, ал жакта кургакчылык, суу каптоолор болуп түшүм начар болсо кумшекер биздин рыноктордо да кымбатташы ыктымал”, – дейт ал.
“Фермерлер менен эсептешип иш кылабыз”
Кыргызстанда эки ири завод – “Кайыңды-Кант” жана “Кошой” кант заводдору бар. Үч миңдей фермер менен кызматташкан эки ишкананын кубаттуулугу кыргызстандыктардын кумшекер муктаждыгын толук жаба алат. Руслан Рафибековдун билдиришинче, кумшекер өндүрүшүндө негизги ролду кант кызылчасы ойногондуктан, аталган зоводдор кант кызылчасын өндүрүүчүлөр тыгыз кызматташтыкта иш алып барат. “Жаз алды менен биз фермерлер менен келишим түзөбүз. Алар биз Европадан алып келген уруктарды алышат жана келишимде кант кызылчасынын минималдык кепилденген сатып алуу баасы көрсөтүлөт. Бул баалар эки-үч жылдан бери өзгөрүлбөй келе жатат. Тактап айтканда, бир тонна кант кызылчасын биз 5400-5500 сомдон кабыл алабыз, бирок, күзүндө сезондук бааны коёбуз. Ал жазгы баадан жогору болот. Алсак, 2022-жылы минималдык келишим баа 5400 сом болуп, кызылчанын тоннасын күзүндө 6200-6300 сомдон алсак, былтыр 5800-5900 сомдон кабыл алдык. Кыскасы, күзүндө минималдык бааны жогорулатышыбыз мүмкүн, бирок, андан төмөндөтө албайбыз.
Биз фермерлер менен эки түрдүү келишим түзөбүз. Бирөөсү боюнча 30 пайызын акчалай, 70 пайызын (тоннасына 74-77 килограмм кумшекер) кумшекер менен беребиз. Экинчи келишим боюнча, фермерлерге накталай акча эмес кумшекер менен гана эсептешебиз (тоннасына 78-81 килограмм кумшекер). Кант кызылчасын кабыл алуу сезонунда кандай келишим түзүүнү фермер өзү тандайт”, – дейт Р.Рафибеков.
Рафибековдун билдиришинче, фермерлер менен эсептешүүнүн шартын өзгөртүү кумшекер заводдорунун өздөрүнө пайдасыз. “Айыл чарбасында бир жылдык эсеп менен иш кылуу болбойт, төрт-беш жылдык келечекти көрүш керек. 2019-жылкы тажрыйба бизге муну далилдеген. Ошол жылы ЕАЭБ алкагында ашыкча өндүрүү кризиси болуп, кумшекер баасы кескин түшүп кеткен. Биз эсептешүү шартын өзгөртүп фермерлерге акчанын ордуна көп кумшекер бергенбиз. Кийинки жылы Кыргызстанда кант кызылчасынын аянты 45 пайызга кыскарып, натыйжада бир завод иштебей калган. Ошондуктан кумшекер арзандаса дагы кызылча аянты кыскарып кетпеш үчүн фермерлерди киреше менен камсыз кылууга аракет кылабыз”, – дейт сырьё департаментинин жетекчиси.
“Климатка жараша кумшекер болот”
Жергиликтүү кумшекер өндүрүүчү завод өкүлдөрүнүн маалыматы боюнча, былтыр кызылчачы дыйкандар 14 миң гектарга кызылча айдашкан. Алынган чийки заттан “Кайыңды-Кант” жана “Кошой” заводдору 76 миң тонна кумшекер өндүргөн. “Быйыл кызылчанын айдоо аянты жалпысынан 15 миң гектарды түздү. Быйылкы жаан-чачындуу аба-ырайы менен жетиштүү сугат шарттарында биз 750-800 миң тонна кант кызылчасын алып, андан 100 миң тоннага чейин кызылча кантын алабыз деп болжолдоп жатабыз. Ошондо кумшекер былтыркы жылга салыштырмалуу 30 пайызга көбүрөөк өндүрүлөт”, – дейт Р.Рафибеков. Анын айтымында, Кыргызстандын Чүй, Талас, Ысык-Көл облустары боюнча жалпы 3 миңден ашык фермер кант кызылчасын өндүрүп, кумшекер өндүрүү тармагына жылыга 100 миңден ашык адам ишке тартылат.
Рафибековдун айтканына таянсак, кант кызылчасын өндүрүү өтө кирешелүү чарбачылык. “Дыйкандын кирешеси эки факторго көз каранды. Биринчиси – кант кызылчасынын баасы, экинчиси – кызылчанын түшүмдүүлүгү. Мисалы, бир гектардан 30-40 тонна алынып жүргөн болсо, түшүмдүүлүктү жогорулатуу менен 60-80 тоннага чейин жетиши мүмкүн. Ошондо 100 сом жумшаган дыйкан кайра 200 алган болот. Бирок, кызылча өндүрүү технологиясы башка айыл чарба өсүмдүктөрүнө караганда таталыраак болгондуктан анын аянты анча көп эмес”, – дейт Р.Рафибеков.
“Бир гектардан орточо 50 тонна”
Сугат суу жетиштүү болгондуктан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен кант кызылчасынын түшүмдүүлүгү жагынан Кыргызстан биринчи орунда турат. Нымдуулук жетиштүү болгон себептен 2016-жылы кыргызстандык кызлчачылардын ичинен бир гектардан орточо эсеп менен 56 тонна түшүм алгандар болуптур. “Орточо эсеп менен Кыргызстанда 45-50 тонна түшүм алынат. Бирок, заманбап техникасы бар, тажрыйбалуу, жаңы технологияларды колдоно билген фермерлердин айрымдары гектарынан 60-80 тонна алып жатышат. Ал эми Европанын өнүккөн өлкөлөрүндө болсо орточо түшүмдүүлүк 80 тоннага барат. Демек, биз дагы аракет кылып, ал деңгээлге жетишибиз керек. Андай жетүүчү потенциал да бизде бар. Учурда фермерлер менен биргеликте бул багытта иштеп жатабыз. Фермерлерди Европага, Россияга окууга жиберип, тажрыйба алмашууга шарт түзгөн учурларыбыз жок эмес. Ал эми кант кызылчасынын канттуулугун жогорулатуу боюнча да иштер жүргүзүлүп жатат”,-дейт “Кайыңды-Кант” ААКсынын сырьё департаментинин жетекчиси.
“Алдыга жылууга 6,5 млрд. сом керек”
Коңшу Казакстандын кумшекерге болгон бир жылдык муктаждыгы 550 миң тонна. Анын 50 миң тоннасын казактар өздөрү кызылчадан өндүрүшсө, 300 миң тонна кант тростнигин Россиядан пошлинасыз алып кайра иштетишет. Ошондой эле Астана жылыга сырттан ири көлөмдө кумшекер импорттойт. Ошол себептен казак өкмөтү кумшекер өндүрүү тармагына 495 млрд. тенге инвестиция салып, 2033-жылы мамлекеттин кумшекерге болгон муктаждыгынын 35 пайызын жабууга аракет кылып жатат. Былтыр Россия Казакстанга 150 миң тонна кумшекерге квота берип, быйыл Алматы аны дагы 150 миң тоннага көбөйтүүнү суранган. Демек, Кыргызстандын кумшекер өндүрүү тармагы коңшу мамлекеттикине караганда кыйла жакшы.
Бирок, Алмаз Алтыбаевдин пикиринде, 2019-жылдагы ковид учурундагыдай кооптуу абалда калбаш үчүн Кыргызстан өзүнүн кант кызылчасы менен өзүн өзү 80 пайызга кумшекер менен камсыз кылууга жетишиши керек. “Азыр “Кайыңды-Кант” ААКсы күнүнө 4 миң тонна, а “Кошой” 3,5 миң тонна кант кызылчасын кайра иштете алат. Эгер азыр биз кумшекер баасын арзандатсак фермерлер кант кызылчасын айдоону азайтышат. Анда кайра эле кумшекер баасы жогорулайт. Ошондуктан мамлекет заводдорду дотациялоодон мурун фермерлерге жардам кылып, айдап-себүү, сугат жагынан жеңилдиктерди камсыз кылса өзүбүздү өзүбүз 100 пайызга кумшекер менен камсыз кылууга мүмкүнчүлүк бар. Ал үчүн кумшекер өндүрүү тармагына 6,5 млрд. сом каражат бөлүнүшү керек. Агроөндүрүш комплексин насыялоо токтомунун долбоору боюнча бул тармакка шарттуу түрдө 1 млрд. сом гана бөлүнгөн”, – дейт А.Алтыбаев.
Мелис Совет уулу, «Кыргыз Туусу»