Кечээ Казань шаарында БРИКСтин спорт оюндарынын ачылыш аземи өттү. Оюндарга 90дон ашык өлкөдөн 4000дей спортчу катышууда. Алар Казань жана Москва шаарларынын 17 спорт объектисинде спорттун 27 түрү боюнча медалдын 387 комплектиси үчүн ат салышат.
Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин эл аралык спорт форумунун меймандарын жана катышуучуларын видеобайланыш аркылуу куттуктады.
Ал БРИКС оюндарынын популярдуулугу жана жагымдуулугу саясий кийлигишүүсүз жана кысымы жок мелдештер катары мындан ары да өсө берерине, чындап эле дүйнөнүн бардык булуў-бурчунан келген спортчуларды бириктире тургандыгына ишеним билдирди. «Андан сырткары, быйыл биринчи жолу ачык форматта өтүп жатат. Бул Оюндар маданият аралык диалогду кеўейтүүнүн дагы бир символу, эл достугун жана мамлекеттер ортосундагы жемиштүү өз ара аракеттенүүнү адамдардын жана жалпы өнүгүүнүн кызыкчылыгында чыўдоого олуттуу салым болорун билдирет», – деди В.Путин.
БРИКС-2024 эл аралык оюндарына Кыргызстандан спорттун 14 түрү боюнча 100дөн ашуун спортчу катышып, өлкө намысын коргоп жатышат.
Бүгүндөн тарта алгачкы медалдар үчүн күч сынашуулар башталды. Мелдештер 24-июнда жыйынтыкталат.
Кабыл МАКЕШОВ,
спорттук баяндамачы