Бүгүн энергетика министри Таалайбек Ибраев Ивановка айылындагы Ысык-Ата райондук электр тармактарынын жаңы имаратынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.
Ысык-Ата райондук электр тармактарынын эски имараты 1979-жылы курулуп, өтө эски абалга келген. Үстүбүздөгү жылы «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК тарабынан өздүк каражатка райондук электр тармактарынын жаңы имарат курууну пландаган. Курулуш иштери июнь айында башталып, үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында бүткөрүү пландалууда.