1-июлда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында Кара-кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына жана Каракол шаарынын түзүлгөндүгүнүн 155 жылдык мааракеси белгиленди. Анда “Улут баскан жол” фестивалы уюштурулуп, анын алкагында “Ысык-Көл – боз үй мекени” аталышындагы боз үйлөр сынагы өттү. Кыргызстандын жети дубанын бир түндүккө бириктирген, эбегейсиз чоң боз үй көпчүлүктүн кызыгуусун жаратты. Боз үй 1 чоң жана 7 чакан бөлмөдөн турат. Биз идеянын автору жана боз үйдүн ээси Салават Имашовго бир нече суроолор менен кайрылдык.
– Саламатсызбы, Салават, мындай жети бөлмөлүү боз үйдү жасоо идеясы кайдан келди?
– Биринчиден, улуттук баалуулуктарды даңазалоо, кыргыздын баа жеткис мурастарын келечек муунга жеткирүү, аларды кызыктыруу, ошондой эле 7 облустун ынтымагын чагылдыруу болду.
– Бул боз үй канча убакта жасалды жана канча кишинин эмгеги жумшалды?
– Баш аягы эки жылдын ичинде даяр болду. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Ананьево айылында жашаган Нурбек деген уста байкебиз бар. Биздин жети бөлмөлүү боз үйүбүз дал ушул Нурбек байкенин үй-бүлөсүнүн (уулу, кызы, келини) колунан чыкты. Боз үйдүн ички жасалгасы ж.б. баштан аяк Нурбек байкенин байбичесине таандык. Бул инсандар көп жылдар бою устачылык кылып, нечендеген боз үйлөрдү жасаган кишилер экен. Биздин буйрутмабызды оюбуздагыдай кылып жасап беришти.
– Бул долбоорго канча каражат жумшадыңыз?
– 50 миң АКШ доллары сарпталды.
– Сиз буга чейин дагы так эле ушундай боз үйдү жасатып, “Ала-Тоо” аянтына тиккен экенсиз…
– Ооба, бул боз үйдү көптөн бери көңүлүмдө багып жүрдүм. Кийин Акыл деген байкеме айтып, экөөбүз зымдан макетин түздүк. 2012-жылы Патенттен өткөрүп, жети бөлмөдөн турган, бирок, көлөмү жагынан бир аз кичирээк боз үй жасаткам. Жүрөк толгон сүйүнүч, кубаныч менен “Ала-Тоо” аянтына алып келип 25-сентябрда тиккем. Бирок, бир жума өтүп өтпөй аянтта митинг болуп кетип: “Атайын митингчилер үчүн тигилген боз үй экен”, – деген сөзгө калгам. Ошондой пикирлерден улам, бат эле чечип жыйнап кеткенбиз. Коомчулуктан колдоо тапмак тургай, жеме укканбыз. Ал боз үйдүн ошол бойдон багы ачылган жок. Ижарага деле берген эмеспиз. Анын үстүнө сапаты дагы талапка жооп бербей калган.
– Коомчулук азыр кандай кабыл алып жатат?
– 1-июлда Каракол шаарынын 155 жылдык мааракесине карата борбордук аянтка тиктик. Ошондон бери элдин агымы суюла элек. Көрөт элек деп келгендер абдан көп болууда. Туристтер да келип жатышат. Алардын эмоцияларынан боз үйгө кызыгып, суктанып жаткандарын байкоого болот. Келгендер ойлорун, сунуштарын айтып жатышат. Кээ бирлери тоого алып барып тик десе, кээ бири шаарга алып бар деп жатышат. Ал эми Каракол шаарынын мэриясынын өкүлдөрү: “Атайын жер бөлүп берели, Караколдун бренди катары биздин шаарда эле калсын”,-деген сунуштарын айтып жатышат. Азырынча, так, даана бир чечимге келе элекпиз. Тойлорго ижарага сурап жаткандар табылууда.
– Ижара акысы канча болушу мүмкүн, эгер берилип калса?
– 300 миң сомго беребиз деп ойлогонбуз. Эң кызыгы ошол суммага деле макул болуп: “Бир эмес эки тоюма тиктирем”,-дегендер бар экен. Бирок, жана айткандай, бул боз үйдү жайлоого жеткирүү, аны кайра чечип жыйнап жүктөп келүү өтө чоң күчтү талап кылат экен. Ошондуктан, ал жагын ойлонуп жаткан учурубуз.
– “Ала-Тоо” аянтынан көрө алабызбы?
– Буюрса, 31-августта Эгемендүүлүк күнүнө карата аянтка алып келип тигебиз деген оюбуз бар.
Анара Арзыбай кызы,“Кыргыз Туусу”