Иорданияда өткөн чемпионатта эркин күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасында Азиянын 3 жолку чемпиону болгон Орозобек Токтомамбетовдун кубанычы койнуна батпай делбелектеп, мамлекеттик тууну күрөш килеминин үстүнө жая салып, ага тизелеп олтуруп, дуба кылып жаткандагы видеосу социалдык түйүндөрдө кызуу талкуу жаратты.
“Момундай жосунсуз жорукту жөн карап отурууга болбойт, туугандар. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин 1-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдор жөнүндө» Мыйзамынын II главасынын 9.1 статьясына ылайык мыйзам алдында жоопко тартылсын. Он беш жолу чемпион болсо дагы жоопкерчилиги каралсын… Мелис Турганбаев иним, федерациянын жетекчиси катары бул теңирден тескери жорукта сиздин да жоопкерчилигиңиз бар…” – деп ачуу айтып сындагандар менен катар, “балбан жаштык кылып койду” деп аны колдогондор да бар.
Кыргызстандын Күрөш федерациясынын биринчи вице-президенти Алмаз Бекбоев: “Чемпионатка даярданып, үй бетин көрбөй, мээнеттенген спортчулардан кемчилик издебей колдоп коюш керек. Жеңишке жетишкен балбан мындай учурда биринчиден, эйфорияда болот, экинчиден, убакыт аз берилгендиктен шашат. Ошондуктан желекти тескери кармаптыр, тигинтиптир-мынтиптир дештин зарылдыгы жок. Алардын ар биринде өзүнүн желеги бар, каякка барбасын кошо алып жүрөт. Биздин жигиттердей тууну урматтап, бийик көтөргөндөр жок болсо керек. Бул чемпионатта биз 11 алтын алдык, 11 жолу Кыргызстандын гимни ойнолду. Орозобек биздин күчтүү, келечектүү балбандардан.
Бул U23дө ал өзүнүн жаш курагын аяктады. Адатта 23кө чыккан балбандар акыркы жеңишин майрамдоодо килемге спорттук бут кийимин же мамлекеттик туусун коюшат. Ага 10 секунд убакыт берилет. Орозобек эми эле тизелеп, сажда кылып, желекти өбөйүн дегенде судья убакыты бүткөнүн айтып, тургузуп жиберди”, – деп түшүндүрмө берсе, балбан Орозобек Токтомамбетов коомчулукту козуткан кыймыл аракеттери тууралуу соцтармактагы баракчасына: “Мен тизе бүгүп, таазим кылып, желекти өөп коёюн деп жатканда судья келип калды. Кайра туруп, желекти желбиреттим. Туу мен үчүн ыйык жана баалуу», — деп түшүндүрмө берди.
Албетте, 23 жаштагы балбандын жеңишке жеткендеги толкундоо абалын, сүйүнүчүн түшүнсө болот. Спортчулар мындай абалдагы эмоциясын ар кимиси ар кандайча чыгарат. Айрыкча, футболчулар гол киргизгенде делбелектеп, үстүндөгү футболкасын чечип ыргытып, же оюн талаасындагы газонго тизелеп сүрүлүп, бирөөлөрү күйөрмандарга карап өңгөчү үзүлгүчө кыйкырып алышат.
Кыргыз балбандарынан Жоламан Шаршенбеков жеңишке жеткенде илбирс секирик жасап, чимирилип алмайы бар. Айтор, кыргыз балбандары да дүйнөлүк аренада ат салышып жүргөн балбандардай ар кимисинин өзүнө энчилүү эмоциялык эн белгилери бар. Андай болгондо, жаш балбан Орозобек Токтомамбетовдун мамлекеттик тууну жайып, аны “өпкүсү келгенин” (анын коомчулукту кызыткан окуясын ушундай да түшүндүргөндөр бар) талкууга албай ак койсок болмок.
Коомчулуктун нааразылыгын жараткан нерсе эмне!?. Кеп мында мамлекеттик тууга жасаган мамиледе болуп жатат.
Мамлекеттик туу – бул мамлекеттүүлүктүн символу. Кыргыздарда туу жөнүндө түшүнүк байыртадан болгон, ал тууралуу “Манас” эпосунда кеңири айтылат. Ал маалыматтарга таянсак, баатырларыбыз казатка аттанаарда Туу бийик жерге, тоонун чокусуна, же бийик дөбөгө илинип, элдер туунун айланасына чогулушкан. Мындайча айтканда, туу элдин башын бириктирген жана элди бириктирүүчү күчкө, касиетке ээ болгон. Кыргыздар жоо менен салгылашканда, тууну эр жүрөк, ишеничтүү жоокер алып жүрүп, тууга душманды жакын жолотпогон. Туу салгылашып жаткан жоокерлерге күч-кубат, дем берген. Туу кулаганда, бул жеңилүүнүн белгиси катары эсептелген.
“Манаста” туунун душмандын колуна түшкөнү, туунун жыгылганы жеңилгенге тете болгону айтылат.
Сагымбайдын Манасында:
Туу түбүндө турушуп,
Туубуз качпай турат деп,
Кубат кылып урушуп, – деп туунун күч-кубат, дем берер касиетин айтуу менен «Туу жыгылды, кан өлдү, Тутушкандын баарысы, Туш-тушка качып жөнөдү», – деп туудан айрылгандагы абалы да сүрөттөп айтылат эмеспи.
Салт боюнча аш берилгенде да туу көтөрүлгөн. Көкөтөйдүн ашында сүрөттөлгөн:
Аш берүүчү жерине
Азырданып конгондо,
Көк ала байрак көк тууну
Көтөрүлттү бийиктеп,
Көргөн душман көөнүнө
Көрүнө түшсүн күйүт деп, – деген көрүнүштү – демек, ашта туунун көтөрүлүшү Көкөтөй өлсө да, туу кулаган жок, артында эли калды деген белги, жышаан деп чечмелесек болот.
Жаш балбаныбыздын жеңиши баарыбыз үчүн кубаныч, бирок анын мамлекеттик тууну күрөш килеминин үстүнө жая салып, тизелеп отурганы салтта жок нерсе. Жадагалса, мамлекет башчылары да ант берип жатканда жерден өйдө көтөрүлүп турган мамлекеттик тууну сыңар тизелей, ыйбаа кылып, четинен аяр кармап өбүшөт.
Эмнеси болсо да, бул окуя баарыбыз үчүн сабак болууга тийиш. Бир гана ал балбаныбыз гана эмес, жалпыбыз мамлекеттик тууга карата мамилебизди өзгөртүшүбүз кажет.
Коомчулуктун жаш балбандын жосунсуз жоругуна кыжалат болуп турганынын дагы бир себеби, үстүбүздөгү жылдын 30-майына караган түнүндө белгисиз бирөөлөр Сузак районунун Бек-Абад айылында №4 Б.Шамшиев жана №88 С.Атабеков мектептеринде илинген мамлекеттик тууну жерге алып түшүп өрттөшүп, анын ордуна арабча жазылган ак кездемени илип коюшкандан бери аз гана убакыт өттү. Анан калса, мамлекеттик туубузду тыштан келген душмандар эмес, чиедей жаш кыздар өрттөгөнү ыкчам иликтөөлөрдүн жүрүшүндө белгилүү болуп отурат.
Чындыгында, Сузактагы окуя коомчулукка, анын ичинде укук коргоо органдарына коңгуроо болууга тийиш. Мамлекеттик тууну өрттөгөндөр “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдор жөнүндө» Мыйзамына ылайык мыйзам алдында жоопко тартылууга тийиш жана мамлекеттик тууга – ыйык, кол тийгис баалуулуктарыбыз катары мамиле кылуу тууралуу коомчулук арасында түшүндүрүү иштери жүрүшү кажет. Мына ошондо гана мамлекеттик тууга болгон мамилени өзгөртө алабыз.
Болотбек Таштаналиев, “Кыргыз Туусу”