“Сахнада 55 жыл жүрүп далай чоңдор менен насиптеш болдум. Алардын айрымдары партсъезддин, партиянын милдеттерин, пландарын кантип аткарышканын мактанып айтып беришкен. Бирок, азыр алардын бири да эсимде жок. Ал эми Төрөбай Кулатовдун Кара-Кужурдагы эки-үч сааттын ичинде кыргыздын жалпак тилине салып айтып бергендери мээге, көкүрөккө кыт куйгандай орноп калыптыр. Мамлекетибиздин 100 жылдыгын утурлай ошону айтып берейин”,-деген КР эл артисти Келдибек Ниязов башкалардан айырмаланып абдан таза иштеген Төрөбай Кулатовдун окуяларын баяндап берди.
“Сталиндин жанында эс-учуман тангыча ичип…”
– 70-жылдары жазында Төрөбай Кулатов Кара-Кужурга барат болуп, биз да ал жакка концерт коймой болуп калдык. Таң куланөөк чыккан биз Кара-Кужурга шашкеге жакын жетип бардык. Өтөктө эл чогулуп, төмөн жакта тик учак конуп калыптыр. Жыйналыш да, концерт да бүтүп артисттер ал киши менен чогуу тамактанып калдык. Кулатов аябай жайдары, жалпак тил менен күлдүрүп сүйлөгөн киши экен. Обком, райкомдор шараптын түрүн алып келе башташканда ал киши “Эми ушунча болуп калды, Сталин менен эс-учуман тангыча ичкенимди айтып берейин. Бир жылы Улуу Жеңиштин урматына Кремлде чоң парад болду. Параддан соң Георгий залында атайын уюшулган банкетке чогулдук. Ага Сталин баш болгон саясий бюронун бардык мүчөлөрү менен союздук республикалардын жетекчилери катыштык. Банкет башталардын алдында бизге “Ар бир үстөлдө Улуу Ата мекендик согуштун төрттөн жоокери жана бирден жарандык адам болот. Жарандык адамдар алардын ою менен болуп, аларды ичирип, жедирип сыйлап турасыңар” деген көрсөтмө болгон.
Банкет башталып биринчи тостту Башкы командачы, Улуу Жеңиштин башында турган адам катары жолдош Сталин сүйлөп, рюмкасын аягына чейин ичип “Мендей алгыла” дегенсип колун көтөрүп койду. Анан тосттор биринин артынан бири көтөрүлө баштады. Төөнүн көзүндөй болгон рюмкаларды жоокерлер кырдуу стакандарга алмаштыртып үстөккө-босток иче башташты. Бир кезде менин рюмкам да кырдуу стаканга алмашылды. Баш тартууга акыбыз жок. Себеби, бүгүн бардыгы ошолор үчүн, ошолордун тарыхый эрдиги үчүн уюштурулуп жаткандыктан алар кандай десе баары кыйшаюсуз аткарылууга тийиш эле. Жолдош Сталиндин акыркы тостун тик туруп столумдагы төрт жоокер менен стакан кагыштырып туруп аппак алганымды, алар менен өбүшүп жатканымды бир билем…
Ойгонсом керебетте бүкүлү боюнча жатыпмын. Аркы керебетте жеңеңер жатат. Кантип келгенимди сурасам аялым “Сени эки аскер кызматкери араң алып кирип жаткырып кетишти”, – дейт. Көзүм умачтай ачылып, жүрөгүм оозума кептеле түштү. “Республикадан ушул чоң салтанатка чакырылган үч кишинин бири болсом. Анан Москванын мейманканасына мени көтөрүп келишсе. НКВД, КГБнын адамдары көлөкөбүздөй ээрчип жүрсө, өлгөн экемин” деп ойлондум ичимен. Анан келген сайын өрүк, мейиз, бадам, мисте, коон, дарбыз, анар ала келип берип жүргөн Кремлдин комендантына бардым. Ал мени жылмая карап: “Коркпо жолдош Кулатов, Улуу жеңиштин урматына жолдош Сталиндин буйругу ушундай. Көздөрүң шишип калыптыр, номериңе бар дагы 200 граммды бастырып алып бейкапар жата бер. Силерди эч ким аңдыбайт, үч күн майрам”, – дебеспи. Ошондо гана жүрөгүм ордуна келип, экинчи төрөлгөндөй сүйүнгөм”, – деп каткырып жатпайбы кайран киши.
“Кулатову, Раззакову, Боголюбову орден Ленина не давайте”
– “Экинчи жолу 1946-жылы Сталинге дагы барбадымбы, – деп баштады анан Т.Кулатов. “Анда мен Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы болуп калгам. Исхак Раззаков болсо Кыргыз ССР Министрлер Советинин Төрагасы болчу. Ал эми Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетинин Биринчи катчысы Николай Боголюбов деген адам эле. Согуш жылдарында тылда эң мыкты эмгектенгендерди орден, медалдарга көрсөткүлө деген Москвадан буйрук келди. Биз 2700 адамдын тизмесин жөнөтүп коюп жооп күтүп жатабыз. Басма сөз беттерине башка республикалардыкы биринин артынан бири чыгып жатат. Биздики кечиккенинен мамлекеттик сыйлыктар боюнча бөлүмгө телефон чалсак “Саясий бюронун мүчөлөрү колдорун коюшкан, жолдош Сталин негедир кол койбой жатат. Өзүңөр келип жолуккула, биз сурай албайбыз” дешти. Анан Исхак Раззаков менен Николай Боголюбов ушул маселе боюнча Москвага мени жиберишти. Барарын барып алып жолдош Сталинге калтырап-титиреп жатып араң кирдим. Сталин акырын келип оң колун ийиниме коюп:
– Жолдош Кулатов, Ленин ордени кандай орден экенин билесизби? – деп сурады.
– Билем жолдош Сталин, ордендердин эң мыктысы, эң сыймыктуусу жана кадырлуу-су, – деп жаман тилим менен балдырадым.
– Билсеңиз эмне үчүн ага мынча көп көрсөттүңүздөр? – деди. Эмне дээримди билбей мукактанып жатып:
– Товарищ Сталин, Кулатову, Раззакову, Боголюбову орден Ленина не давайте”, – десем ал күлүп, тамекисинин түтүнүн мурутуна үйлөй берип:
-Бара бер, жолдош Кулатов, – деди. Москвадан келип чийки май жегендей болуп жүрсөм Сталиндин токтому чыкты. Тизмени карасам үчөөбүз тең жүрүппүз. Ошентип биз дагы Ленин орденин тагынып калганбыз. Көрсө биз ошол кезде Ленин орденине адамдарды өтө көп көрсөткөн экенбиз, – деди бизди таң калтырып.
“Шараф Рашидовдон белек алгам”
– “Мен эч качан, эч кимден белек, пара алып көргөн жан эмесмин. Же бирөөдөн менин пара алганымды уктуңар беле. Уксаңар айткыла тартынбай”, – деп сөзүн улады Т.Кулатов бизди карап жылмайып. “Бирок, бир жолу күтүлбөгөн жерден белек алгам. Ал кезде биз Москвага ИЛ-14 самолёту менен учуп, төрт конуп анан жетчүбүз. Кезектеги сессия бүтүп үйлөрүбүзгө кайтканы жатканбыз. Мейманкананын ашканасына тамактанганы кирип калсак Өзбек ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун Төрагасы Шараф Рашидов жардамчылары менен отурган экен. Учурашкан соң Рашидов мага: “Ортак Кулатов, юриң биз блан Ташканга. Юрасизми он төрт саат хавада. Ташкандан Фрунзага кичкина самолёт билан хам бир саатлик юл” деп калбаспы. Ал кезде Ташкенге ТУ-154 самолёту уча баштаган эле. Калдаңдаган кашаң самолёттон тажаган жаным “хуп” дебейимби. Ошентип Ташкенге учуп келдик. Ал күнү Рашидов аябай коноктоду. Эртеси аэропортко өзү кошо келип мени Фрунзеге учуруп жиберди. Келсек жардамчым “Төрөбай Кулатович чоң машине чакырбасак жүгүбүз жеңил машинеге батпайт” дейт. “Кандай жүк?” десем, “Жолдош Рашидов ортак Кулатовго Фрунзеге жеткенде гана айтасың деп жыйырмадай коробка салдырган” дейт. Чоң машине менен үйгө келип коробкаларды ачсак жалаң Өзбекстанда өскөн мөмө-жемиштер экен. Эки чоң коробка толо ар кыл түстөгү атлас, шайы кездемелер. Ошентип силер таза жетекчи деп жүргөн Кулатов да белек алган кезинде. Бирок, мен алганда дагы өзүмө окшогон таасирдүү, чоң адамдан алгам. Ал пара эмес чын дилден берилген белек болчу”, – деп күлдүрдү.
“Акемди жаакка чаап, эртеси кызматтан алгам”
– “Эми силерге тууган-уруктан, жердешчиликтен алыс болуп таза иштегенимден айтып берейин. Ош жакка барганымда сөзсүз Кызыл-Кыя шахтасына барам. Анткени, мени ушул даражага жеткизген ошол шахта, ошол жерде иштегендер эмеспи. Менде жердештик, туугандык деген жок, Кыргызстанда жашагандын баары менин элим, жердештерим, туугандарым. Минтип сөздү алыстан баштаганымдын себеби, бир курдай Кызыл-Кыяга бардым. Анан туугандардан кабар алайын деп жалгыз акемди чакырттым. Ал кезде азыркыдай мейманкана жок, поезддин жолго чыгарып койгон запастык вагонунда жатып, турчубуз.
Эртеси акем келе жатат. Аны алыстан эле тааныдым. Мингени буурул жорго, артынганы ак куржун. Эки этеги делбектеп кеткен, башында сүлөөсүн тебетей. Мени көрсүн дедиби жоргону катуу салдырып келатат. Артында дагы жети-сегиз жандоочтору жүрөт. Вагонду кайтарып турган күзөтчүгө: “Алдында келатканды мага киргиз, артындагыларды кетирбей кармап тургула”, – деп буйрудум. Вагонго энтиге кирип келген акеми кучак жайып тоскондун ордуна оң жаагына, сол жаагына чаап жибердим. “Биз ким элек, ким болдук?! Эми эле эсиңен чыгып кеттиби?! Жарты нанга зар болгонубузду унутуп койдуңбу? – деп дагы бир-эки урдум. Мындайды күтпөгөн байкуш акем кол кайтарган жок. “Минтип жулкунтуп жорго миниш эмес, эшигибизде эшек жок эле да аке!” – деп дагы далай сөз айттым. Акем күнөөсүн мойнуна алып ыйлап жиберди. Анан аны кучактап мен да ыйлап кирдим. Экөөбүз тең азаптуу балалыгыбызды эстеп бир топко ыйладык. Бир кезде бири-бирибизден кечирим сураштык. Эртеси райондун жетекчилерин чакыртып сурасам алар мага айтпай акемди айыл өкмөт башчысы кылып дайындап коюшуптур. Дароо кызматынан алдырттым.
Баса, менин туулган айылым Кызыл-Кыя шаарынан алты чакырымдай алыс турган Жал айылы. Айылдаштарым “Кулатов чоң болуп туруп биздин жолду асфальттаткан жок” деп таарынып жүрүшөт. Фрунзе, Оштун чоң көчөлөрүнө асфальт жетпей жатса айылымды асфальттатайынбы? Туура түшүнгүлө жердештерим, туугандарым дегим келет. Бирок, аны кандай кабыл алышат билбейм”, – деп Төрөбай аксакал биз менен коштошуп тик учак менен борборго учуп кетти эле. Анын жөнөкөйлүгүнө, чынчылдыгына, жоопкерчиликтүүлүгүнө азыр да таң кала берем.
Мелис Совет уулу, “Кыргыз Туусу»