Энергетика министри Таалайбек Ибраев Кадамжай районунун Көк-Талаа айылында мунайды кайра иштетүүчү заводдун курулушу менен таанышты.
Министрликтен билдиргендей, долбоорду ишке ашыруу боюнча келишимге өткөн жылдын март айында түрк компаниясы менен кол коюлган.
Завод суткасына 500 тонна мунайды кайра иштеп чыгарат. Инвестициянын жалпы суммасы – 91 миллион доллар. 51 адам иш менен камсыздалган. Завод ишке кирсе 150 жумуш орду түзүлөт. Сентябрдын аягында мунайды кайра иштетүүчү ири завод ишке берилет.