Чуңкурчактагы Fly Jump комплекси — экстремалдык көңүл ачуучу жай катары белгилүү. Бул — спорт эмес. Адреналин алгысы келген адамдардын көбү ошол жерге барып секиришет. Айрым маалымат булактарына таянсак, мындай жерден Кыргызстанда экөө. Биринчиси – түштүк аймакта. Бирок, ал иштейби же жокпу толук маалымат жок. Ал эми Fly Jump бишкектиктер арасында өтө популярдуу болуп жатканына 5-6 жыл болуп калган. Адреналин үчүн баргандар аркан менен аскадан секирүү үчүн 2000 сом төлөшчү.
Чуңкурчак капчыгайындагы Fly Jump комлексинде 6-июлда аскадан секирүү учурунда аркан үзүлүп кетип, 39 жаштагы киши набыт кетти. 25 метр бийиктен кулаган адамга медициналык жардам көрсөтүүдөн майнап чыккан жок. Маркум үй-бүлөсү менен аталган жайга эс алууга барган. Бул окуядан кийин аталган эс алуу жайынын ээси, 28 жаштагы жаран кармалганын Чүй облустук Ички иштер башкармалыгы кабарлаган. Бирок бүгүн Аламүдүн райондук соту Fly Jump экстремалдык эс алуу жайынын ээсин үй камагына чыгарды.
Соттон билдиришкендей, Н.уулу А. Кылмыш жаза кодексинин 29-беренеси боюнча айыпталууда. Анын жасаган кылмышы анча оор эмес кылмыштардын катарына кирери белгиленүүдө.
Жазык-процесстик кодексинин 107-беренесине ылайык, бөгөт коюу чарасын колдонуу зарылчылыгы жөнүндө чечим кабыл алууда, анын түрүн аныктоодо тергөө судьясы жана сот айыптын негиздүүлүгүн, айыпталуучу жөнүндө маалыматтарды эске алат: анын жашы, ден соолугунун абалы, үй-бүлөлүк абалы, иштеген иши жана башка жагдайлар.
Аламүдүн райондук сотунун токтому менен 28 жаштагы айыпталуучуну үй камагына бошотууда мурда соттолбогону, өздүгү такталгандыгы, тергөө органынан жана соттон жашырынбаганы жана туруктуу жашаган жери бар болгондугу да каралган.
Бул окуядан кийин коомчулукта Fly Jump комлексинин кереги жок экенин, аны жаап салуу туура чечим болору талкууга алынып жатат. Ошондой эле Экстремалдык туризмдеги коопсуздук маселеси көтөрүлдү.
Альпинизм федерациясынын вице-президенти Илим Карыпбеков да бул окуя боюнча үн кошуп, пикири менен бөлүштү. “Жаңы ачылганда мен да барып секиргем. Мен альпинизм менен алектенгендиктен, секирерден мурда бардык коопсуздук чараларына көңүл бургам. Жиптери жаңыбы, кепилдиги кандай деп кызыккам. Ал учурда секирип жаткан адамга негизги аркандан тышкары, дагы эки кепилдик арканы байланат эле. Үч аркан тең бышык болчу. Кийинчерээк дагы бир жолу барганда тажрыйбасы жок, жаш балдар эле иштеп жүргөнүнө күбө болгом. Кантип үч жип тең үзүлүп кетти таң калып жатам. ¯ч аркан тең бир маалда үзүлүп кетиши мүмкүн эмес. Жиптер жакшы каралбай, чирип калган болушу мүмкүн. Анткени, үч жиптин тең үзүлүп кетиши миңден эмес, миллиондон бир болушу ыктымал. Кырсыктар көбүнчө кепилдик аркандарынын же казыктардын үзүлүп кетишинен эмес, кайдыгерликтен болот. Мисалы, аркандар сүрүлүп отуруп же күнгө күйүп чирип калышы мүмкүн. Ар бир аркандын иштөө ресурсу болот, ал түгөнүп калышы мүмкүн. Аны дыкат карап туруш керек. Бул – чоң жоопкерчилик. Ага кылдат мамиле жасашы керек”, – дейт И. Карыпбеков.
Ал эми туризм тармагындагы адис Максат Дамир уулу: “Негизи мамлекетибизде ушул өңдүү оюн-зоок же эс алуу жайлары көп болгону жакшы. Андай жерлер туристтердин көңүлүн тартат, кызматтардын саны көбөйүп, мамлекетке түшкөн акчанын көлөмү көбөйөт. Бирок, кайдыгерликке жол бербей, эл аралык талаптарга шайкеш келген, айрыкча ушундай экстремалдык кызмат көрсөтүү жайларына стандарттарды киргизип, талаптарды катуу коюш керек”, – дейт. Анын айтымында, бул окуя тоо-таш туризмине болгон кызыгууну кыска мөөнөткө солгундатышы мүмкүн.
Ушундай эле пикирин билдирген окурманыбыз Нурбүбү Кенжебекова: “Fly Jump комплексинин жабылып калышына каршымын. Анткени, ал жерге кыргызстандыктардан сырткары чет элдик туристтер да келет. Болгону алардын катачылыктары – аркандарына жакшылап көңүл буруп, убагы менен алмаштырып коопсуздук эрежелерин сакташы керек болчу. Эгерде кокустук болуп кетсе, адам өмүрү кыйылса, мынча жылга эркинен ажыратылат же мынча млн. сом мамлекетке айып пул төлөнөт деген келишим болгондо, комплексти иштеткен адамдар башкача мамиле жасамак деп ойлойм. Эми деле жазаны, көзөмөлдү күчөтүүгө кеч эмес”, – дейт.
Социалдык тармактарда Кыргызстанда Fly Jump сыяктуу жайлардагы коопсуздук чараларына эч ким көңүл бурбастыгы айтылууда. “Аркандар жаңыландыбы, казыктар бекемби, эч кимдин иши жок. Керек болсо, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерине аркан менен кандай иштегенди, аскаларда кандай жүрүүнү, жарга кантип чыгыш керектигин үйрөткөн мектеп жок. Экстремалдык багытта иштеген адис деп сертификат же лицензия берчү орган да жок”, – деген пикирлер айтылды.
Эми окуяга эмне себеп болгонун тактап, тыкыр иликтөө жүргүзүлөт деп ишенебиз. Бир сезондо колдонулган аркан кийинки жолу иштетилбеш керек деген сыяктуу эрежелер сакталганбы, жокпу белгилүү болор…
А.Акимбаева