2-3-июлда көлдөгү “Кыргыз деңизи”санаториясынын спорттук базасында 2-июль –Эл аралык спорт журналисттер күнүнө жана Эл аралык спорт журналисттер ассоциациясынын (AIPS) 100 жылдыгына арналган спорттун 6 түрү: волейбол, футзал, шахмат, стол тенниси, тогуз коргоол жана аркан тартыш боюнча мелдештер курч мүнөздө, атаандаштык маанайда болуп өттү.
44 спорт журналисти катышкан мелдешти Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы спорттун олимпиадалык оюн түрлөрү жана спорттук жана массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча «Жаштык» дирекциясы жана Кыргыз Республикасынын спорт журналисттер федерациясы биргелешип уюштурду. Ачылыш аземинде Кыргыз Республикасынын спорт журналисттер федерациясынын башкы катчысы Кабыл Макешов менен «Жаштык» дирекциясынын жетекчисинин орун басары Ороз Евгачев Эл аралык спорт журналисттер ассоциациясынын 100 жылдыгына арналып өтүп жаткан мелдештерде журналисттерге ийгиликтерди каалашты.
“1924-жылы 2-июлда Париж шаарында Эл аралык спорт журналисттер ассоциациясы (AIPS) уюшулуп, 100 жылдан бери дүйнөлүк спорт, олимпиадалык кыймылдын жаңылыктарын, көйгөйлөрүн, дүйнө чемпионаттарын, олимпиада оюндарын, эл аралык мелдештерди чагылдырып, эл достугуна көпүрө болуп келатышат. Кыргызстан эгемен өлкө болгону Спорт журналисттер федерациясын уюштуруп, анын биринчи президенти болуп белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, меценат Аскар Салымбеков шайланып,1995-жылдан бери Кыргызстан AIPSтин мүчөсү болуп саналат.
Эмдиги жылы федерациянын 30 жылдык мааракеси болот. Биздин спорт журналисттер федерациясынын президенти Улугбек Салымбековдун атынан сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктап, ишиңиздердеги ийгиликтерди, чың ден соолук, узак өмүр, чыгармачылык ийгиликтерди каалайм. Бул жолку мелдештер Париж олимпиадасынын алдында болуп жатканы менен баалуу жана барктуу”, – деди спорт журналисттер федерациясынын башкы катчысы Кабыл Макешов.
Спорт журналисттери 4 командага: Париж, Олимп, Биримдик жана Ынтымак командаларга бөлүнүп, эки күндүк мелдештер курч мүнөздө өттү.
3-июлда турнирдин жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды, Кубокторду, алтын, күмүш, коло медалдарды жана биринчи, экинчи, үчүнчү даражадагы дипломдорду «Жаштык» дирекциясынын директору Урмат Асанбаев салтанаттуу кырдаалда тапшырды.
Мелдештердин жыйынтыктары төмөнкүдөй болду.
Волейбол
Волейбол боюнча 1-орун “Париж” командасына ыйгарылып, алтын медалдар жана Кубок менен сыйланды. Команданын курамында өлкө аймактарынан келишкен спорт журналисттери: Айзада Нурадилова, Айзирек Гадаева, Эркинбек Абдуллаев, Искак Туратбеков, Азат Бейшенбеков, Темирлан Жумабеков, Тилек Кененсариев, Мария Иванова, Аскат Кенжекулов, Абдуламит Абдуманнап уулу ойноду.
Экинчи орунга жана күмүш медалдарга “Олимп” командасы ээ болду. Бул команданын намысын спорт журналисттер Азамат Асылбашев, Адилет Керимбеков, Бекназар Арыкбаев, Арген Мажитов, Улукбек Сали уулу, Кызжибек Жээнбек кызы, Жанара Эсенова, Алтынай Гапар кызы коргоду.
Үчүнчү орунга жана коло медалдарга “Биримдик” командасы татыктуу болду.
Бул команданын курамында спорт журналисттер Теңгелбес Мусаев, Адилет Темирланов, Нурболсун Тургуналиев, Бексултан Рахматбек уулу, Гүлжан Турдубаева, Бегимай Манапбаева, Айсулуу Урустамова, Арайлым Даулетказина, Абдулла Жусупалиев, Бектен Токонов намыс талашты.
Аркан тартыш
Биринчи орунду Кубок жана алтын медалдарды Кабыл Макешов капитан болгон “Олимп” командасы жеңип алды. Жеңишке спорт журналисттери Адилет Керимбеков, Бекназар Арыкбаев, Улукбек Сали уулу, Арген Мажитов, Алтынай Гапар кызы зор салым кошуп, спортто дагы мыкты ийгиликтерди жарата алышаарын далилдешти.
Экинчи орун жана күмүш байге “Париж” командасына таандык болду. Бул команда капитаны Атахан Кожогулов жана мүчөлөрү Эркинбек Абдуллаев, Темирлан Жумабеков, Азат Бейшенбеков, Абдуманап Абдилатип уулу, Айзада Нурадилова күмүш медалдарды тагынды.
Командалык таймашуудагы үчүнчү орунду жана коло байгени “Биримдик” командасы жеңип алышты. Команда мүчөлөрү Бектен Токонов, Бексултан Рахматбек уулу, Абдулла Жусупалиев, Бегимай Манапбаева, Адилет Темирланов коло медалдардын ээлери болушту.
Футзал мелдеши
Спорт журналисттер арасында футзал боюнча мелдеш атаандаштык маанайда өтүп, бардык атаандаштарын уткан “Париж” командасы биринчи орунду камсыз кылышып, Кубок жана алтын медалдардын ээлери болушту.
Команданын мүчөлөрү Эркинбек Абдуллаев, Мария Иванова, Искак Туратбеков, Тилек Кененсариев, Азат Бейшенбеков, Аскат Кенжекулов футзалда чеберчилигин көрсөтүштү.
Футзал мелдештеринде “Париж” командасына атаандаштык жаратып, аз упай менен баш байгени алдырып койгон “Олимп” командасы экинчи орунду ээлеп, күмүш медалдарды тагынды. Бул командада Адилет Керимбеков, Азамат Асылбашев, Арген Мажитов, Актилек Акылбек уулу, Улукбек Сали уулу, Алтынай Гапар кызы дасыккан футболчулардан калышпаган өнөрү менен таанылды.
Байгелүү үчүнчү орун жана коло медалдар “Ынтымак” командасына ыйгарылды. Команданын мүчөлөрү Зыярат Эсенбай, Эсенбек Үсөнов, Абдулалим Мамадалиев, Актилек Жанчиев, Асем Улукбек кызы, Айбегим Набиева, Кабыл уулу Кутман коло медалдарды тагынышты.
Шахмат
Ал эми эркектер арасында шахмат боюнча жыйынтыгында 1-орунду “Олимп” командасынын мүчөсү Азамат Асылбашев жеңип, алтын медаль тагынды. 2-орун “Биримдик” командасынан Бексултан Рахатбек уулуна ыйгарылса, 3-орун “Париж” командасынын мүчөсү Эркинбек Абдуллаевге ыйгарылды.
Кыздар жана айымдар арасында шахмат боюнча жыйынтыктаганда 1-орунду “Париж” командасынын мүчөсү Мария Иванова жеңип алды.Экинчи орунду ээлеген “Олимп” командасынын мүчөсү Алтынай Гапар кызы күмүш медаль менен сыйланды. Үчүнчү орунду “Ынтымак” командасына Айбегим Набиева камсыз кылды.
Тогуз коргоол
Кыз-келиндер арасында тогуз коргоол боюнча мелдеш жеке биринчилик катары өтүп, 1-орунду Акылай Турсунова жеңип алды. 2-орун Алтынай Гапар кызына ыйгарылып, 3-орунга Айзирек Гадаева татыктуу болду.
Эркектер арасында тогуз коргоол боюнча мелдеште 1-орун Абдулла Жусупалиевге ыйгарылып, 2-орунду Зыярат Эсенбай, 3-орунду Бекназар Арык-баев камсыз кылышты.
Үстөл тенниси
Эркектер арасында үстөл тенниси боюнча жыйынтыктар төмөнкүдөй болду:1-орун Арген Мажитов, 2-орун Тилек Кененсариев, 3-орун Зыярат Эсенбайга ыйгарылды.
Кыздар жана айымдар арасында үстөл тенниси боюнча 1-орунду Мария Иванова, 2-орунду Бегимай Манапбаева жана 3-орунду Асем Улукбек кызы жеңип алышты.
Жалпы командалык эсепте арбын упай топтоо менен Чоң кубок жана биринчи орун «Париж» командасына ыйгарылды. Экинчи орунга «Олимп» командасы татыктуу болду. Байгелүү орунду «Биримдик» командасы камсыз кылды.
1995-жылы спорт журналисттер федерациясы уюшулганда 6 журналист болсок, учурда катарыбызда 40тан ашуун спорт журналисти болгону кубандырат. Федерациянын алгачкы президенти Аскар Мааткабыловичтин демилгеси менен журналисттер арасындагы мелдештер мурда Кой-Таш эс алуу жайында, Бишкекте өткөрүлүп келсе, 9 жылдан бери Ысык-Көлдө өткөрүлүп, улам таасири артып, кулачы кеңири жайылып баратат.
Эмдиги жылы Кыргыз Республикасынын спорт журналисттер федерациясынын 30 жылдык мааракесине арналган мелдешке Борбор Азия өлкөлөрүнөн дагы бирден командаларды чакырып, эл аралык деңгээлде өткөрсөк деген демилге, аруу тилектер бар.
Кабыл МАКЕШОВ,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, КР спорт журналисттер федерациясынын башкы катчысы