Суббота, 28 декабря, 2024
-8.9 C
Бишкек

“Максатыбыз – долбоорлор аркылуу комбинаттын кубаттуулугун жогорулатуу”

Эгемендик жылдарында жеке менчикке өткөн айрым заводдор, комбинаттар жана ишканалар өздүк капиталынын жоктугунан өз алдынча ишмердигин жүргүзө албай калышкан. Алардын айрымдарынын карызы миллиондорду чапчып, иштебей, жабылып калууга чейин жеткен. Ошондой комбинаттарды мамлекет өз карамагына өткөрүп, алардын ишмердигин кайрадан жандандырган.
Мамлекеттик ишканаларды өнүктүрүү өлкө башчысы тарабынан колдоого алынып, сатып алуулар мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилип, ыкчам иштөөгө шарттар түзүлгөндөн кийин, иштебей турган заводдор жана комбинаттар кыска убакыттын аралыгында мамлекеттик казынага ири суммадагы салык төлөөгө жана киреше табууга жетишкен.
Союз кезинде өндүрүштө эң жогорку көрсөткүчкө жетишкен Кара-Балта ун комбинатынын, азыркы “Дан” мамлекеттик ишканасынын башкы директору Болотбек ИСМАИЛОВ ишкананын бүгүнкү күндөгү ишмердиги жөнүндө окурмандарга айтып берди.

Азыркы  күндө «Дан» мамлекеттик ишканасы штаттык режимде иштеп жатат, биздин ишкананын негизги милдети – Мамлекеттик материалдык резервдин буудайын кабыл алуу жана сактоо, ошондой эле буудайды тегирменде кайра иштетүү болуп саналат. Ишканада 1975-жылы чыгарылган эски тегирменибиз бар, анын жабдууларын 2021-жылдан бери модернизациялап кайра ишке киргиздик. 2021-жылдын октябрынан тартып бүгүнкү күнгө чейин ишканада 30 миң тоннадан ашык буудайды кайра иштетип, 1- жана 2-сорттогу ундарды чыгардык.

Биздин ишканада азык-түлүк буудайы-нын негизги сактоочусу болуп Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резерв фонду эсептелет. Мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн алкагында жергиликтүү дыйкандардын буудайларын Өкмөт тарабынан мамлекеттик резервге сатып алуунун көлөмү жылдан жылга көбөйө баштады.

«Дан» мамлекеттик ишканасы узак жылдар бою (30 жылдан ашык) токтоп турган комбитоют цехин (комбикорм)  ишкананын өздүк каражатынан жана эмгек ресурсунун эсебинен 90 пайыз калыбына келтирди.

Бүгүнкү күндө комбитоют цехи дан өсүмдүктөрүн кабыл алуу, сактоо жана кайра жүктөө боюнча буудай сактоочу элеватор катары модернизацияланды, анда көлөмү 10 миң тоннадан ашык дан силостору бар. Бүгүнкү күндө эгиндерди кабыл алып, жөнөтүп,  башка кардарларга кызмат көрсөтүп жатабыз. Жакынкы арада сыйымдуулугу 10 миң тоннадан ашкан дан эгиндерин кабыл алуу үчүн толук кандуу элеватор катары комбитоют цехинин имаратын толук калыбына келтирүү күтүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун (ГАУГИ) чечими менен «Дан» мамлекеттик ишканасына тегирмен жабдууларын өндүрүүчү «President Mill group of companies» (Түркия) компаниясы менен суткасына 150 тонна дан өндүрүмдүүлүгү бар, көп кабаттуу тегирмен комплексин сатып алууга 2023-жылдын 1-июлундагы «Кызматташтык жана өз ара алака жүргүзүү жөнүндө» үч тараптуу меморандумдун алкагында келишим түзүлдү. Анда Мамлекеттик мүлк фонду биздин өндүрүштү өнүктүрүүнү колдоо максатында төмөнкү пайыз менен  64 миллион сом насыя бөлдү. Азыркы учурда ун тартуучу жабдуулар даярдалып жатат жана келишимге ылайык жабдуулардын биринчи партиясы жакынкы убакытта келери күтүлүүдө. Жабдыктар келе баштаганда эски тегирмендин демонтаж иштерин баштайбыз. Бүгүнкү күндө эски тегирменибиз иш жүзүндө толук кандуу иштеп жатат, мамлекеттик тапшырыктарды аткарып, ун азыктарын толук чыгаруудабыз. Кампабызда 500 тоннадан ашык ун азыктары бар.

Жакынкы арада кыска кесилген макарон азыктарын өндүрө турган жабдууларды орнотуу боюнча Түркиядагы  өндүрүш жабдууларын чыгарган “Talia”  ишканасы менен долбоор даярдалды. Бул ишкана италиялык технология менен жасалган заманбап жабдууларды чыгарат. Бизге керектүү өндүрүш жабдууларын тактоо боюнча алдын-ала сүйлөшүүлөр жүрүп, талкууланды.

Бул долбоорду каржылоо боюнча маселе Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан чечилген, сунушталып жаткан насыянын пайыздык үстөгүн азайтуу боюнча маселе гана калды. Себеби, биздин ишкана көптөгөн жылдар бою белчесинен баткан карыздан жаңы чыккан, 100 пайыз мамлекеттик ишкана экендигин эске алуу менен, жылына 2 пайыздан көп эмес насыя алуу же гранттык каражаттарды алуу максатыбызга ылайык.

Мындан ары «Дан» мамлекеттик ишканасынын базасында комбитоюттарды өндүрө турган заманбап жабдуу-ларды орнотуу үчүн башка жаңы долбоордун үстүндө иш алып барууда, азыркы күндөгү рынокту изилдеп, өндүрүштөн чыккан продукциянын суроо-талаптарын, ылайыктуулугун жана рентабелдүүлүгүн аныктайбыз.

Кезекте биздин ишкананын аймагында кондитердик азыктарды өндүрүү боюнча цехти ачуу долбоору турат. Негизинен биздин ишкананын профилине ылайык келген көптөгөн ишканаларды “Дан” мамлекеттик ишканасынын аймагына курса болот, анткени биздин ишкана 23 гектар жерде жайгашкан бардык коммуникациялык шарттары бар мекеме. Андыктан биз алдыңкы европалык, түрк жана кытай өндүрүүчүлөрүнүн заманбап, жогорку технологиялуу бизге ылайык жабдууларын изилдөө жана издөө иштерин тынымсыз жүргүзүп турабыз.

«Дан»  мамлекеттик ишканасынын 3 гектардан ашык аянтта өзүнүн көмөкчү чарбасы бар (подсобное хозяйство). Комбинаттын мыйзамсыз ээлигинен ажыратылган жерлерин кайтарып алуу боюнча көптөгөн иштер жүрүп жатат.

Жакынкы арада биздин аракетибиз жана Мамлекеттик мүлк фондунун жардамы менен убагында мыйзамсыз берилип кеткен мамлекеттик 375 гектар айдоо жерибиз (базар баасы орто эсеп менен 160 миллион сомдон ашык турган) кайра “Дан” мамлекеттик ишканасына кайтарылып берилгени турат, андан бөлөк өйдөңкү көмөкчү чарбабыздагы бир нече гектар жерди кайтарып берүү маселесин да чечип алганбыз. Акыркы жылдары комбинаттын көмөкчү чарбаларын кайра өз калыбына келтирип жатабыз жана бул жерлер кайтарылгандан кийин бул багытта да өсүп-өнүгүү болот. Ишканабыз айдап-себүү иштерин жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк  алат, кайра иштетүү үчүн өзүнүн буудай азыктары болот, ошондой эле малдын санын көбөйтөбүз, өзүбүздүн тоют базабыз да болот.

Учурда «Дан» мамлекеттик ишканасы мурдагы атактуу “Китлап” кесме чыгарган цехинин өндүрүштүк кубаттуулугун жандандыруу жана калыбына келтирүү боюнча иш-аракеттерди активдүү жүргүзүүдө.

«Дан» мамлекеттик ишканасы Кара-Балта шаарынын мэриясына Кара-Балта шаарынын өнөр жайын өнүктүрүү үчүн бөлүнгөн каражаттардын эсебинен макарон азыктарын чыгаруу боюнча жабдууларды сатып алуу, өндүрүш цехин кайра калыбына келтирүү жана жергиликтүү калкка жумуш орундарын түзүүгө багытталган долбоорубузга акча каражатын бөлүү маселесин кароо өтүнүчү менен кайрылган. Кара-Балта шаарынын мэриясы долбоорду жактырып, жергиликтүү Кара-Балта шаардык кеңеши менен макулдашылып, бизге макарон чыгаруучу заводдун жаңы жабдыктарын сатып алуу үчүн 100 000 000 сом бөлүп беришти. Бул каражат өндүрүш ишке киргенден кийин кайра Кара-Балта шаарынын бюджетине артка кайтарылат. Учурда Кара-Балта шаарынын мэриясы менен «Дан» мамлекеттик ишканасынын ортосунда 8 жылга 100 000 000 сом суммасында пайызсыз насыя алуу боюнча финансылык келишим даярдалып кол коюлду.

«Дан» мамлекеттик ишканасы учурдун талаптарына ылайык заманбап технологиялык кесме (лапша) чыгаруучу жана таңгактоочу жабдуулары менен тез даярдалуучу кесме (лапша быстрого приготовления) өндүрүү линиясын алганы турат.

Ушуга катар азыркы учурда келе турган жаңы жабдууларды өз убагында жайгаштыруу үчүн “Китлап” цехинин мурдагы имаратын даярдоо боюнча толук кандуу иш-аракеттер жүргүзүлүүдө, анткени өндүрүштүк имарат 25 жылдан ашык колдонулбай тургандыгынан, көп жылдан берки климаттык таасирлерден улам чатырынан суу агып, жараксыз абалга келип калган эле, азыркы учурда имараттын чатырынан баштап негизги өндүрүштүк жайларынын баарын капиталдык оңдоо, реконструкциялоо жумуштарын аткаруунун алдында турабыз.

Бул максаттарды ишке ашыруу үчүн «Дан» МИси аткарылуучу иштердин жана иш-чаралардын комплексин баштады, алар мамлекеттик сатып алуу жөнүндө Мыйзамдын талаптарына ылайык жүргүзүлөт жана имараттардын курулушуна жана ремонтуна тийиштүү текшерүүчү органдардын тендерлеринен тартып, архитектуралык-долбоорлоо уруксаттарына чейин мыйзам талаптарынын бардык жол-жоболорунан өтүүсү абзел.

Чыгарылган продукцияны экспорттоо керек болгон учурда Евразия экономикалык коомдоштугунун регламенти боюнча санитардык ченемдин талаптарына жана заманбап талаптарга ылайык келтирүү үчүн имараттарды ХАССП (тамак-аш коопсуздугунун башкаруу системасы) стандарттарына шайкеш келтирүүгө аракет кылыш керек.

Алдыда жасала турган жумуштар арбын, анын баарын жакынкы арада дароо жасоого убактыбыз да жетпейт. Ошого карабастан ишкананын жумушчуларынын колдоосу менен көптөгөн жумуштарды 3 жылга жетпеген мезгилде бүтүрдүк. Жумушчулардын эртеңки күнгө ишеничи пайда болуп, өзүлөрү да демилге көтөрүшүп, көптөгөн жумуштарды өз күчтөрү менен бүтүрүп, миллиондогон каражатты үнөмдөштү. Бул иштери үчүн аларга терең ыраазычылык билдирем, жакшы эмгек жамаатым, күчтүү командабыз бар деп эсептейм. Бизде көбүнчө техникалык адистер иштегендиктен эмгек акыларын болушунча жогору көтөрдүк.

Мамлекет башчыбыз Жапаров Садыр Нургожоевич жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан акыркы жылдары мамлекетик ишканалардын өсүп-өнүгүүсүн колдоо иретинде көптөгөн жеңилдетилген шарттар түзүлүп берилүүдө, анын бир мисалы мамлекеттик сатып алуу мыйзамдарына көптөгөн өзгөртүүлөрдүн киргизилиши менен мамлекеттик ишканаларга жеңилдетилген шарттардын түзүлүшү. Ошентсе да тоскоолдуктар кездешпей койбойт экен. Мамлекеттик ишканалар сатып алуу боюнча көптөгөн бюрократтык талаптардан баштары чыкпай, бир тетикти айлап тендер аркылуу алууга мажбур болушуп, ыкчам иштегенге мүмкүнчүлүгү болбой келишкен. Мындан улам мамлекеттик ишкана менен жеке бизнес-тин ортосунда атаандаштык жаралган эмес.

Биз өзүбүз аткарган ишибиз менен мамлекеттик ишкананын ишмердигин жүргүзүүнүн бир жолун үлгү катары көрсөтүп бере алдык. Мамлекет начар менеджер деген стереотиптен чыктык деп ойлойм…

Вера Беделбек, “Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар