Эми “Ташиев менен таанышмын, маселеңди чечип берем” деген адамдардан жабыркагандар 0312-62-05-85 номерине кабарлап кое алат.
Соңку учурда Камчыбек Ташиевдин атын жамынып, көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берем деп акча сураган белгилүү блогерлер менен интернеттин активдүү колдонуучулары көбөйгөнүн УКМК билдирүүдө. Андыктан Улуттук коопсуздук малекеттик комитети Камчыбек Ташиевдин атына жамынып, көйгөйлөрүн чечип берүүнү убада кылгандарга ишенбөөгө чакырат.
Атайын кызмат элди расмий кайрылууга чакырып, УКМК төрагасы кабылдамасына жана расмий электрондук почтасына келген арыз менен кайрылуунун баарын карай турганын белгиледи.