Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына Кыргызстандын атынан спорттун беш түрү боюнча 16 спортчу катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, алар спорттук күрөштүн түрлөрү (грек-рим, эркин жана кыз-келиндер), жеңил атлетика, сууда сүзүү, бокс жана дзюдо.
Спортчулардын тизмеси:
- Жоламан Шаршенбеков (60 кг, грек-рим күрөшү);
- Амантур Исмаилов (67 кг, грек-рим күрөшү);
- Акжол Махмудов (77 кг, грек-рим күрөшү);
- Үзүр Жусупбеков (97 кг, грек-рим күрөшү);
- Бекзат Алмаз уулу (57 кг, эркин күрөш);
- Эрназар Акматалиев (65 кг, эркин күрөш);
- Айаал Лазарев (125 кг, эркин күрөш);
- Айсулуу Тыныбекова (62 кг, кыз-келиндер күрөшү);
- Айпери Медет кызы (76 кг, кыз-келиндер күрөшү)
- Мээрим Жуманазарова (68 кг, кыз-келиндер күрөшү);
- Денис Петрашов (сууда сүзүү);
- Сардана Трофимова (жеңил атлетика);
- Мунарбек Сейитбек уулу (бокс);
- Эрлан Шеров (90 кг, дзюдо);
- Кубанычбек Айбек уулу (66 кг, дзюдо);
- Елизавета Печерских (сууда сүзүү).
- Елизавета Печерских (сууда сүзүү).