Садыр Жапаров жубайы жана делегациясы менен Өзбекстанга барды.
Ташкент аэропортунан аларды Шавкат Мирзиёев жана Өзбекстандын биринчи айымы Зироатхон Хошимова тосуп алды.
Кыргызстандык делегациянын курамында 10 министр, 6 ведомство жетекчиси, башкы прокурор, Бишкек шаарынын мэри жана 5 облустун жетекчилери бар.
Жапаровдун мамлекеттик сапарынын иш-чаралары Ташкент жана Хива шаарларында болот.