Ысык-Көлдө эс алуучуну катер коюп кетип каза тапты.
Милициянын маалыматына караганда, окуя 15-июль күнү, саат 18:25те Кара-Ой айылында болгон. Кырсыктын кесепетинен 42 жаштагы теги балыкчылык, учурда Казакстандын жараны К.Б. көз жумган.
Факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки иштер аткарылууда. Анын алкагында, 32 жаштагы катердин ээси жана 18 жаштагы катердин айдоочусу аныкталган. Бул боюнча Кылмыш жаза кодексинин 127 (Шалаакылыктан өлүмгө алып келген) жана 311-беренеси (Коопсуздук эрежелерин бузуу) боюнча иш козголду.