Воскресенье, 29 декабря, 2024
-8.9 C
Бишкек

Айыл чарба тармагындагы лабораториялар жаңы заманбап жабдуулар менен камсыз болууда

Айыл чарба тармагындагы лабораториялар жаңы заманбап жабдуулар менен камсыз болууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Ош адистештирилген контролдук-токсикологиялык лабораториясына Европа өндүрүшүндөгү SCION GC 8500 газ хроматографы сатып алынды. Аталган техника Дүйнөлүк банктын “Ош облусун жана Ош шаарын региондук экономикалык өнүктүрүү” долбоорунун гранттык колдоосу менен сатып алынды.

Белгилей кетсек, газ хроматографынын негизги функциясы айыл чарба продукцияларында, топуракта жана суудагы пестициддердин калдык санын аныктоо болуп саналат.

Бүгүнкү күндө, Ош адистештирилген контролдук-токсикологиялык лабораториясы тарабынан бардыгы болуп 246 үлгү айыл чарба продукциясынын курамындагы пестициддердин калдык санын аныктоо иши жүргүзүлдү.

Азыркы учурда Ош облусунун Достук жана Баткен облусунун Кызыл-Кыя көзөмөлдөө-өткөрмө пунктуаркылуу өлкө аймагына кирип жаткан айыл чарба продукциялары милдеттүү түрдө лабораториялык изилдөөлөрдөн өтүп жатат.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар