whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
11.07.2025
23.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүCASA-1000 долбоорун ишке ашыруу үчүн Кыргызстан 31,3 млн. доллар насыя алат

CASA-1000 долбоорун ишке ашыруу үчүн Кыргызстан 31,3 млн. доллар насыя алат

Президент Садыр Жапаров “2024-жылдын 6-мартында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “CASA-1000” Борбордук Азия жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн ортосунда электр энергиясын берүү жана сатуу долбоору үчүн кошумча каржылоо” долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну жана 2024-жылдын 21-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы “CASA-1000” Борбордук Азия жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн ортосунда электр энергиясын берүү жана сатуу долбоору үчүн кошумча каржылоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” КР мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 27-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Аталган мыйзамдын максаты көрсөтүлгөн Макулдашууларды ратификациялоо үчүн ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу болуп саналат.

Каржылоо жөнүндө макулдашуунун жоболоруна ылайык Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы 18,3 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү кредиттик каражаттарды жылдык 0 % пайыздык ставка менен 50 жылга бөлүп берет, анын ичинде жеңилдетилген мезгил – 10 жыл.

Кредиттик макулдашуунун жоболоруна ылайык Ислам өнүктүрүү банкы 13,0 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү кредиттик каражаттарды жылдык 1,5 % пайыздык ставка менен 25 жылга бөлүп берет, анын ичинде жеңилдетилген мезгил – 7 жыл.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар