Бул ирет Ош шаарынын мурдагы вице-мэри Жасур Азимов, Кара-Суу районуна караштуу Отуз-Адыр айыл аймагынын башчы Ильяз Сансызбаев, Оштун мурдагы башкы архитектору жана мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгынын мурдагы жетекчиси кармалганы маалым болду.
Алар “Кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланды” деп шектелип, ушул жылдын 18-сентябрына чейин камакка алынганын бизге Ош облустук соту билдирди.
Башкы прокуратура буга чейин Ак-Буура дарыясынын жээгине мыйзамсыз курулуштарга уруксат берген кызматкерлер жазаланарын айткан.