whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
28.04.2025
34.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомАскар МЕДЕТОВ: “Алардын өмүрү өрнөк, эмгектери унутулгус”

Аскар МЕДЕТОВ: “Алардын өмүрү өрнөк, эмгектери унутулгус”

Аскар МЕДЕТОВ, филология илимдеринин кандидаты, доцент:

Кыргыз мамлекеттүүлүгү – бул тарыхый да, руханий да, саясий да мааниси чоң түбөлүктүү жана түпкүлүктүү маселе. Ал мамлекеттин келечегин, элдин тагдырын аныктаган жол көрсөткүч экени эч талашсыз.

Ооба, тарыхтын ар бир этабында мамлекеттик түзүлүштүн түптөөчүлөрү болгон элдин лидерлери чыккан. Президент Садыр Жапаровдун Кыргыз Республикасынын жаңы тарыхында саясий элитанын өкүлдөрү – улуттук лидерлер Абдыкерим Сыдыковго, Иманалы Айдарбековго, Жусуп Абдрахмановго, Абдыкадыр Орозбековго, Ишеналы Арабаевге “Азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар” деген наамды ыйгаруу менен алардын ата мекен алдында өтөгөн эмгегин белгилөөнү демилге кылып, жарлык чыгарганы колдоого татыйт. Алар ХХ кылымдагы жаңы мамлекеттүүлүктүн башатында болушканын эч ким танбайт жана мамлекет башчы адилет белгилегендей, “бул наам өлкөбүздүн башка көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмерлеринин мекен алдындагы эмгегин эч кемите албайт”.

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшү менен, өз кезегинде андан кийинки Кыргыз Автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасынын жана Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын түзүлүшүнө алып келип, болочок эгемендүү Кыргыз Республикасынын пайдубалы болуп калган. Бул окуялардын тарыхый мааниси зор.

Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Ишеналы Арабаев «Азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар» катары өлкөнүн жалпы билим берүү, атайын орто жана жогорку окуу жайларында окутулууга, алардын өмүрү ар бирибиз үчүн өрнөк болуп калууга тийиш.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар