Коңшу Казакстан менен Өзбекстандын спортчулары Париж олимпиадасында алгачкы алтын медалдарды утуп алышып, күйөрмандары маңдайы жарыла кубанып турган учур. Бул жеңиштер кыргызстандык спортчуларды дагы шыктандырууда.
Элдостун олимпиадалык алтын, күмүш, коло байгелери
27-июлда казак боордошторубузду дзюдо боюнча Элдос Сметовдун алтын медалы менен куттуктаган элек. Элдос Рио-де-Жанейро-2016 Олимпиадасынын күмүш байге ээси, Токио-2021 Олимпиадасынын коло медалынын ээси, 2015-жылы дүйнө чемпиону, 2022-жылы да дүйнө чемпионатынын коло медалын алган. 2010-жылы жаштар арасындагы дүйнө чемпиону болуп, 2016-жылы Азия чемпиону аталган. Ал 2014-жылкы Азия оюндарынын жеңүүчүсү.
Белгилей кетсек, 60 килограммга чейинки салмак ченинде финалдык беттеште Сметов франциялык Лука Мхидзени өз үйүндө жеңип, Олимпиаданын алтын медалын тагынды. Элдос Олимпиадалык оюндарда алтын, күмүш жана коло байге уткан казакстандык алгачкы балбан.
Дзюдочу Диёра Париж Олимпиадасынын чемпиону
Ал эми 28-июлда дзюдочу Диёра Келдиёрова Өзбекстандын тарыхында дзюдо боюнча биринчи Олимпиада алтын медалын жеңип алганы кубанычтуу окуя болду. Ал жеңишке жетүү жолунда Токиодо өткөн Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси, италиялык Амандин Бушарды, чейрек финалга чыгуу үчүн күрөштө Токио Олимпиадасынын чемпиону, жапониялык Юта Абени утуп алуу менен сенсация жаратты. Ал эми чемпиондук наам үчүн чечүүчү кармашта Токиодо өткөн Олимпиада оюндарынын жеңүүчүсү косоволук Дистрия Красникини жеңип, алтын медаль тагынды.
26 жаштагы спортчу 2019-жылы Азия чемпионатында финалда монголиялык Лхагвасурэнгийн Сосорбарамды жеңип, алтын медаль тагынган. Неаполдогу (Италия) Жайкы универсиадада коло медалга ээ болсо, Вухандагы (Кытай) Жайкы Аскердик Дүйнөлүк оюндарында үчүнчү орунду ээлеген. 2021-жылы Анталияда (Түркия) өткөн Чоң шлем турниринде финалда испаниялык Эстрелла Лопести жеңген. Ал дзюдо боюнча Чоң шлем турниринде алтын уткан биринчи өзбек кызы.
Диёра Өзбекстандын тарыхында Олимпиада оюндарында дзюдо боюнча алтын уткан биринчи спортчу болду. Ал олимпиадалык алтын медалы үчүн өлкөсүндө 200 миң доллар акчалай сыйлык алмакчы.
Кыргыз спортчулары кезегин күтүүдө
28-июлда Кыргыз балбаны Кубанычбек Айбек уулу алгачкы беттешүүдө Европа чемпиону, украиналык Богдан Ядовго иппон ыкмасы менен жеңилип, мелдештен четтеп калды.
Эми 31-июлда Эрлан Шеров намыска жарап, байгелүү орунга жетет деп үмүттөнөбүз. Дүйнө чемпионатынын коло байге ээси, Азия оюндарынын чемпиону Эрлан Шеровду колдоого алып туралы. Анын алгачкы атаандашы кубалык Силва Моралез болмокчу.
Кечээ Азия чемпиону Денис Петрашов эркектер арасында 200 метрге брасс ыкмасындагы сүзүү мелдешине катышты. Тилекке каршы, 27-июлда мыктыларды иргеп алуу мелдештеринде Денис 23-орун менен чектелген.
Жайкы Олимпиада оюндарындагы эң таасирдүү спорттун бири болгон сууда сүзүү боюнча Парижге 187 өлкөдөн жалпы 854 суучул барып, мөрөй талашууда.
24 жаштагы эл аралык спорт чебери Денис Петрашов Олимпиада оюндарына үчүнчү ирет катышууда. Ал 16 жашында 2016-жылы Рио-де-Жанейро жана 2021-жылы Токио Олимпиадасында 200 метрге жана 100 метрге брасс ыкмасындагы жарыштарга катышкан. Токиодо 100 метрге брасс ыкмасында сүзүүдө 27-орунду ээлеген.
Дагы бир кыргызстандык суучул, 20 жаштагы Елизавета Печерских (мурдагы фамилиясы Рогожникова) 3-августта кыз-келиндер арасында 50 метрге эркин стилде сүзүүдө мелдеште өлкө намысын коргойт.
Кыргызстандык спорт күйөрмандардын үмүтү учурда Ысык-Көлдө соңку машыгууларын өткөрүп, 1-августта Париж шаарына аттанып кеткени камылга көрүп жатышкан балбандарда турат. Ишенимди ушул балбандарыбыз актайт деп туралы.
Кабыл МАКЕШОВ,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер