«Оймо» фестивалынын башкы директору, ЮНЕСКОнун материалдык жана материалдык эмес маданий мурастар боюнча эксперти Динара ЧОЧУНБАЕВА менен маек.
Жыл сайын өтүп келген салттуу маданият жана кол өнөрчүлүк боюнча эл аралык «Оймо» фестивалы өз ишин баштады. Фестивалга жүздөгөн кол өнөрчүлөр, музыканттар, ашпозчулар, дизайнерлер жана башка чыгармачыл кесиптин өкүлдөрү катышууда.
Фестивалдын максаты – Кыргызстандагы кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү, каада-салттардын муундан-муунга өтүүсүн жандандыруу, маданий мурастарды сактап калуу.
– Учурда борбор калаада салтка айланып калган “Оймо” фестивалы өтүп жатат. Бул жылкы фестивалдын программасына кандай жаңычылдыктар кирди?
– Иш-чара сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү менен башталды. Быйыл программага заманбап сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсүн кошконбуз. Эмнеге дегенде, этникалык стиль учурдун трендине айланып, заманбап сүрөтчүлөрүбүз ошого көңүл буруп, кыргыздын ар бир оймо-чиймесин чечмелеген сүрөттөрдү тартып жатышат. Жаңы салынган үйлөрдүн интерьерлерин байкасаңыздар, дубалдарынан этно стилдеги сүрөттөрдү, кыргыздын пейзаждарын кездештирүүгө болот. Кол менен тартылган графика, живописти көрүүгө болот. Ошондой эле, курак же саймаларды, тумарчаларды илип койгондорун кездештирип жатабыз. Ошондуктан, заманбап стилде тартылган сүрөттөрдүн эл аралык көргөзмөсүн уюштурдук. Андан сырткары, быйыл «Салттуу маданиятты чагылдырган мыкты инновациялык туристтик продукт» улуттук сынагын жана «Мыкты чебер», «Мыкты насаатчы» эл аралык сынактарын коштук. Андан сырткары кол өнөрчүлөрдүн конференциясы болот. Мастер класстар көрсөтүлөт.
– Бул сынактарды уюштуруу зарылдыгы эмнеден улам келип чыкты?
– «Салттуу маданиятты чагылдырган мыкты инновациялык туристтик продукт» улуттук сынагын биз “Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду” менен биргеликте уюштурдук. Максатыбыз – эң мыкты сувенирдик белектерди аныктоо. Себеби, бизде чет элге чыгарда мактануу менен алып бара турган сувенирдик белектер жокко эсе. Албетте, Ош базарында сувенирлерди саткан дүкөндөрүбүз бар. Бирок, баалуу, сапаттуу, маанилүү белектерди таба албайбыз. Башка өлкөлөргө салыштырмалуу биздин сувенирдик белектерибиз абдан эле жупуну көрүнөт. Ошондуктан, сапатын көтөрүш үчүн ушундай сынакты уюштурдук. Ал эми калыстык кылууга кыргызстандык жана чет элдик эксперттерди чакырдык. Соңунда эң мыкты деп табылган сувенирдик буюмдарды “Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондуна” өткөрүп беребиз. Башкача айтканда, эл аралык көргөзмөлөргө барганда алып чыкканга жарай турган улуттук сувенирдик (туристтик) буюмдардын коллекциясын даярдайбыз. Ал эми «Мыкты чебер», «Мыкты насаатчы» эл аралык сынагына Кыргызстандан сырткары, Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстандан келген кол өнөрчүлөр катышып жатышат. Ал эми сынактарды уюштурууда IPCHAIN ассоциациясы, Бонецский лабораториясы, Novotel мейманканасы жана “Кыргызпатент” демөөрчүлүк кылышты. 28-июлда акчалай жана баалуу сыйлыктарды тапшырышат. Демөөрчүлөрүбүздүн улуттук баалуулуктарыбыз жөнүндө ойлонуп, түшүнүп, кызыгып, бизди колдоп жатканы кубантарлык көрүнүш.
– Биздин чеберлер “Оймо” фестивалын чыдамсыздык менен күтүшсө керек?
– Албетте, кыргыздын кол өнөрчүлөрү бул фестивалды күтүшөт. Анткени, иш-чара учурунда жасаган буюмдарын көрсөтүп, саткандан сырткары, чет элдик уздар менен таанышып, тажрыйба алмашышат. Бирок, белгилей кетүүчү нерсе, азыр биздин чеберлер бир гана “Оймону” күтүп отура бербестен, башка дагы фестивалдарга өз алдынча катышып калышты. Бүгүнкү күндө Корея, Япония, Индия ж.б. өлкөлөргө барып келип жатышат. Кол өнөрчүлөрдүн ар тараптуу өнүгүп, өсүп болгон мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып жаткандарын көрүү биз үчүн жагымдуу.
– Иш-чара жыл сайын Бишкекте башталып, Ысык-Көлдө жыйынтыкталчу эле, быйыл да ошондой тартипте өтөбү?
– “Оймо” фестивалы быйыл 18-ирет өтүп жатат. Биринчи жолу 2006-жылы өткөргөнбүз. Ошондон бери бир дагы жыл тыным алган жокпуз. 18 жылдан бери үзгүлтүксүз өтүп келе жатат. Өзүңүз айткандай, буга чейин дайыма 5 күн Бишкекте, 5 күн Ысык-Көлдө өткөрчүбүз. Бирок, быйыл 5 күн шаарда эле өткөрүүнү чечтик. Себеби, 2006-жылы мындай маанайдагы жападан жалгыз “Оймо” фестивалы гана болсо, азыр кол өнөрчүлөргө арналган фестивалдар абдан көп. Ошондой эле, көпчүлүгү Ысык-Көлдүн тегерегинде өтүп жатат чынын айтканда. Жакында эле “Көл Fest” музыка жана искусство деген эки күндүк фестиваль болуп өттү. Ошондуктан, биз быйыл 5 күндүк прог-раммага өтүүнү чечтик. Анын үстүнө 10 күндүк программаны алып баруу, уюштуруу аябагандай оор, түйшүктүү жоопкерчилик. Каржылык жактан да кыйын. Албетте, мамлекет тарабынан колдоо болот. Ошондой болгону менен ал жетишсиздик кылат.
– “Оймо” фестивалынын өтүп келатканына 20 жылга чукулдап калыптыр, фестиваль өз максатына жетип атабы?
– Биздин негизги максатыбыз – маданий мурастарга элдин, бийликтин көңүлүн буруу. Жаштардын улуттук баалуулуктарга болгон кызыгуусун арттыруу, аларды өзүбүзгө тартуу. Ошону менен катар биз жөнүндө, биздин чеберлер жөнүндө маа-лыматтарды башка элдерге жайылтуу. “Оймо” өз максатына жетип жатат деп айта алам. Себеби, биз маданий баалуулуктарыбызга болгон элдин кызыгуусун ойгото алдык. Кыргыздын улуттук кол өнөрчүлүгүн эл аралык деңгээлге чыгарып, коңшу мамлекеттерге тааныта алдык. Акыркы жылдары коомчулукта этно стиль, кыргыздын улуттук кийимдерин кийүү модага айланды. Ырчы, чоорчуларыбыз эле эмес, жөнөкөй адамдар деле чапандарды кийип, белдемчилерди тагынып калышты. Дилбар Ашымбаева, Татьяна Воротникова, Байра сыяктуу белгилүү дизайнерлерибизге кымбаттыгына карабай буйрутма берип жаткандар күндөн күнгө көбөйүүдө. Куда-сөөк тоскондо баарыбыз эле саймаланган чапандарды алабыз. Анткени, кыргыздын чапаны баалуу экенин аңдап, түшүнүп калдык. Менимче, бул абдан жакшы көрүнүш. Буга “Оймонун” салымы бар деп эсептейм. Бул көрүнүштү кармап калышыбыз керек жана өнүктүрүшүбүз керек.
– Ошол чапандардын базардагы баасы сизди ойлондурбайбы? Арзан, кол жетимдүү болгону жакшы, бирок…
– Албетте, ойлондурат. Салттуу кийимдерин сапатына көңүл буруу зарыл нерсе. Бизде бааны карапайым калктын чөнтөгүнө чактайбыз деп Кытайдан келген синтетикалык материалдарды колдонуп жатышат. Бул биринчиден, ден соолукка зыян. Экинчиден, буюмдун баалуулугун да түшүрүп жатат. Ошондой эле кыргыздын ак калпагы да Кытайдын арзан, синтетикалык текстилинен (аны кийиз деп айтканга оозум барбайт) тигилип калды. Анын машинкага саймаланып 100 сомдон сатылганына абдан капа болом. Ушул нерсеге өкмөт тыюу салса деле жакшы болот эле. Ал арзан калпактарды эч ким деле кийбейт. Акырында мончого көтөрүп барышат…
– Учурда кол өнөрчүлүктү өнүктүрүүгө Єкмөт кандай көңүл буруп жатат? Дегеле биздин чеберлер кандай шарттарда иштеп жатасыздар?
– Өкмөт таптакыр көңүл бурган жок деп айтуудан алысмын. Бирок, кол өнөрчүлөр 30 жылдан бери “Кыял” базары боюнча салгылашып келе жатабыз. “Кыял” базары азырынча менчиктеше элек. Бирок, ошого бара жатат. Биз єлкє жетекчилеринен үмүтүбүз чоң. Анткени, буга чейинки менчиктешип кеткен объекттерди кайра мамлекетке кайтарып жатышат. Ошол сыңары биздин жалгыз базарыбыз 1-2 кишинин карамагына өтүп кетип, кол өнөрчүлөр эмне болсо ошо болсун деген күнгө жетпейбиз деп ойлойм. Андан сырткары, КРнын Экономика министрлиги менен Маданият министрлиги бизди сен ал, мен ал болуп эле эки ортодо эле жүрөбүз. Кол өнөрчүлөрдүн министрлиги дагы жок ушул тапта. Ошондой болсо дагы, КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги бизге болушунча көңүл буруп, колдорунан келген жардамдарын берип келишет. Министрликтин алдында улуттук маданият борбору бар. Ошол борбордо маданий баалуулуктар боюнча бөлүм ачылып, быйылкы өткөн фестивалдардын бардыгына 500 миң сомдон акчалай жардам көрсөтүштү. Анын ичинде “Оймо” фестивалына дагы бөлүндү. Албетте, бул кичинекей акча. Бирок, ошого да рахмат. Келечекте мамлекет тарабынан маданиятка мындан да көп көңүл бурулат деген ишеничим бар.
– Буга чейинки маектериңизде маданий мурастар жөнүндөгү китептер басылбай жатканын, дээрлик жокко эсе экенин айтып жүрөсүз, абал азыр кандай?
– Абал аябай өзгөргөн жок. Бирок, мурунку жылдарга салыштырмалуу китептер чыгып калды. “Кыргызпатент” басып чыгара баштады. Биз дагы аларга кошулуп, китеп болобу, календарь болобу чыгаралы деп турабыз. Ошондой болгону менен бир өлкө үчүн ал жетиштүү эмес. Китеп чыгаруу жагынан Өзбекстан, Казакстан жана Тажикстан алдыда. Тажикстанда бизге караганда 10 эсе көп китеп басылган. Негизи кол єнєрчүлүктү, маданий баалуулуктарды өнүктүрүү боюнча аракеттерди Орто Азия боюнча Кыргызстан биринчилерден болуп баштаган. Бирок, аты аталган өлкөлөр бизден ашып кетишти.
Анара АРЗЫБАЙ кызы,
«Кыргыз Туусу»